Акаевдин сүймөнчүгү Каныбек Иманалиев мурунку чакырылышта Куловдун артына «суу куюп», депутаттык мөөнөтүн темир генерал менен тытышып жүрүп өткөргөн эле. Бул чакырылышта Өмүрбек Текебаевдин колтугуна кирип, артынан кылмыш ишин козготкондон кийин бийликке акаарат келтиргенге аракеттенип жүрөт. Жалган оппозиция болгонго кулач уруп калмайы бар. Эптеп элге көрүнүш максатында күпүлдөмүш этип, «өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт» дегендей кашынып жаткан мезгили. Биз билебиз, Канат Исаев да ушинтип жүргөн. Эми бул нойон да тилегине жетип, Текебаевдин жанына отуруп калбайбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ