Menu

Тажикстан менен Иран тирешүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстан өткөндө Иранга күнөө артып, атуулдук согуштун баштоочусу катары айыптаган тасманы тартуулаган. Кечээ президентинин алдындагы Ислам таануу борбору Иранга кайрадан өлкөдө туруксуздукту жаратуу аракети үчүн айып такты. Анда Ирандын тажик коомун исламдаштыруу, шиизм идеяларын жайылтуу аракеттери эки өлкө ортосундагы мамилени туңгуюкка кептегени айтылып, Тажикстандагы жарандык согуш маалында Иран белгилүү бир тараптарга каржылык колдоо көрсөткөнү  кайрадан белгиленген. Макалада Иран өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы аркылуу шиизм идеяларын жайылтууга аракет жасоосун күнөөлөгөн. Эсиңиздерге салсак, теги бир эсептелген ирандыктар менен тажиктер дин жаатында эки жикке ажырап, бири шиит, экинчиси сунит агымын да жашап келет. Азыр эки агымдын ортосунда айыгышкан согуш жүрүп жатканын Сирия, Йемен, Иракта көрүп жатабыз.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: