Menu

Сапар Исаков Улуу Британиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит менен жолукту

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 28-октябрда, Улуу Британия Бириккен королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушууда кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы  элчинин өз ишмердүүлүгү учурунда эки мамлекеттин мамилесин бекемдөөгө зор салым кошкондугун белгиледи.

Ошондой эле, тараптар «Таза коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу чараларын жана санариптик экономикага өтүүдөгү эл аралык тажрыйбаларды талкуулашты.

Өз кезегинде элчи Робин Орд-Смит «Таза коом» долбоору мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга жана ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө күчтүү импульс берерин билдирди.

Жолугушуу учурунда тарапта санариптик заманбап экономикага өтүү боюнча дүйнөдөгү мамлекеттердин тажрыйбалары тууралуу да баарлашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: