Биздин өлкөдө түшкө кирбеген окуялар көп болот. Мисалы, манты жеп отурган киши президенттик такка жеткенин билебиз. Бирок, өлкөгө жакшылык жасабастан будуң-чаң кылып, далай чыгаан жигиттерди атып, аягында эл-жеринен безип кетти. Ошол сындуу күтүлбөгөн жерден даяр ашка келгендер азыр да бар. Айтсак, Уран Ахмедов деген азамат таштын жаракасынан жарк этип, Адилет министрлигин аркалап калган. Жакындан билгендер «атамекенчи» Алманбет Шыкмаматовтун кеңеши менен иш жүргүзөт дейт. Эгер бул кылыгы жогор жакка жетсе соо калбайт го. Мындан сырткары Уран учурда кыргызга каршы саясатты катуу жүргүзүп, мекемеде иштеген кызматкерлерди орусча сүйлөөгө, иш кагаздарын расмий тилде жүргүзүүгө мажбурлаганы каңкууланат. Бул эмне деген жорук, Ахмедов кыргыздын душманыбы?! Чара көрбөйлүбү?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ