Menu

Таластагы митинг Алмаз Атамбаевге элден кечирим суроого 3 күн убакыт берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-октябрда Талас шаарындагы облустук администрациянын алдында өткөн таластыктардын Алмаз Атамбаевге каршы нааразычылык митинги Алмаз Атамбаевдин таластыктардын астында кечирим суроосу үчүн дагы 3 күн убакыт берди. Эгер 2-ноябрга чейин Алмаз Атамбаев таластыктарды “Абыке менен Көбөштүн тукумдары” деген сыяктуу осол сөздөрү үчүн кечирим сурабаса “өз убалы өзүнө” деп, 3-ноябрга саат 12.00.гө ошол эле обладминистрациянын алдына нааразычылык митингин өткөрө тургандыгын белгилешти.

Митингдин катышуучулары: “Алмаз Атамбаев кетериңде элди бөлүп-жарбай, тынч кет!” “Бизди орус менен казактан бөлбө!” деген сыяктуу чакырыктар менен кыйкырып турушту.

Митингге 1 миңдей киши катышып, бийликке 3 талап койгон резолюцияны кабыл алышкандан кийин 3-ноябрга чейин деп тынч тарап кетишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: