Menu

Новиков: Кыргыз-казак чек арасындагы абал ДСУда каралат

Бөлүшүү:

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды Дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитети 10-ноябрда карайт. Анда кыргыз өкмөтү чек арадагы жагдай боюнча атайын баяндама менен чыгат. Бул тууралуу экономика министри Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы абал татаалдашкандан кийин кыргыз тарап Евразия экономикалык биримдиги менен Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 10-октябрда башталып, казак бийлиги ары-бери өткөн жарандарды, автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери мамиле чыңалып турат.

Расмий Астана муну Кыргызстан аркылуу келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астанага барып, казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолуккан, тараптар жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды, жеңил жана бош жүк ташуучу автоунааларды текшерүүдө жеңилдик берүүгө жетишкен. Бирок оор жүк ташуучу автоунаалар узун кезек күтүп, учурда алардын саны 600дөн ашты.

25-октябрда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн отурумунда Казакстан Кыргызстан менен көйгөйлөрдү чечүү боюнча Исаков менен жетишилген “жол картага” кол коюудан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: