Menu

Бердымухамедовдун уулу чоң атасынын атындагы медал менен сыйланды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президентинин атасы Мяликгулы Бердымухамедов атындагы медал менен сыйлангандардын арасында өлкө башчынын уулу, майор Сердар Бердымухамедов дагы бар. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, президенттин уулу күч түзүмдөрүндө иштеген башка жумушчулар менен бирге «Ата Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» сыйланды.

Мамлекеттик ТДХ агенттиги медал менен сыйлангандардын тизмесине Сердар Бердымухамедовду кошкон эмес. Айрым бейрасмий маалыматтар боюнча ал атасынын мураскерлигине даярдалууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматы президенттин уулунун өлкө ишмерлери менен жолугушуулары мамлекеттик ММКларда кеңири чагылдырылып, акыркы кездери анын саясий активдүүлүгү байкалып жатканын жазды. «Фергана» агенттигинин маалыматы боюнча Сердар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу.

Сердар Бердымухамедов Орусия ТИМинин Дипломатиялык академиясын аяктаган. Кийин Түркмөнстан президентинин алдындагы Көмүрсуутек ресурстарын башкаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи кызматтарында иштеген. Андан тышкары ал өлкө парламентинин депутаты болуп дагы шайланган.

Мяликгулы Бердымухамедов атындагы медал ушул жылдын августунда негизделген. Сердардын чоң атасы кезинде мугалим жана түзөтүү мекемелеринин бөлүм башчысы болуп иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: