Menu

Бишкекте жаңы “Стройпарк” курулуш маркети ачылды

Бөлүшүү:

Бизнеске ыңгайлуу шарт түзүп, ата-мекендик ишкерлерди колдоо Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Бул тууралуу 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев Бишкек шаарында жайгашкан Борбор Азиядагы ири соода түйүндөрүнүн катарындагы  «Стройпарк» курулуш маркетинин ачылыш аземинде билдирди.

Вице-премьер-министр өлкөдө ашыкча салык төлөө жана тынымсыз текшерүүлөрдү кыскартуу менен Өкмөт бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын баса белгиледи.

«Кыргызстанда бизнеске болгон жеңилдиктер ишкерлердин дүйнөлүк ири компаниялар менен келишимдерди түзүп, өз  өлкөсүндө ишенимдүү иш жүргүзүүсүнө шарт түзөт. Алардын кызыкчылыгы мамлекет тарабынан толук корголот. Муну менен биз өлкөдөгү негизги көйгөй болгон жумушсуздуктун санын кыскартып, экономикага зор салым кошо алабыз»,-деди Дайыр Кенекеев.

Ал ошондой эле өлкөдө ишкердикти колдоо багытында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан бир топ демилгелер көтөрүлүп жатканын айтып, Кыргызстанда бизнеске максималдуу шарт түзүү  Өкмөттүн «Жаңы доорго-кырк кадам» Программасындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин  кошумчалады.

4400 чарчы метр аянтты ээлеген «Стройпарк» курулуш маркетинде 200дөн ашык жаран жумуш менен камсыз болуп, тегерек четинде кардарлардын ыңгайлуу соода кылуусуна толук шарттар түзүлгөн. Жанында 200 унаага ылайыкталган унааларды токтотуучу жай курулган.

«Стройпарк» курулуш маркетинин башкы директору Таалайбек Бапановдун маалыматында келечекте маркеттин аянты 19 миң чарчы метрге чейин кеңейтилип, кошумча жумуш орундары түзүлүп, дүйнөлүк ири компаниялардан келген заманбап курулуш жабдыктарынын түрлөрүн көбөйтүү пландалууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: