Menu

“Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар” автожүрүшү башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда Ташкентте “Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар” каттамы боюнча эл аралык пилоттук автожүрүш башталды.

Кыргызстан ТИМинин маалымат кызматы билдиргендей, автожүрүштүн ачылыш аземине транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Өзбекстандын тышкы саясат министри Эльёр Ганиев жана Кытайдын Транспорт министрлигинин коопсуздук боюнча башкы инспектору Чэн Пин катышты. Тараптар бул иш-чара Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы мамилени жаңы деңгээлге чыгарат деп белгилешти.

Атамбаевдин 5-6-октябрда Өзбекстанга болгон сапарында тараптар автожүрүш өткөрүүнү макулдашкан. Муну менен катар Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: