Menu

Пономарев: Казакстандын аткезчилик боюнча айткандары негизсиз

Бөлүшүү:

Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин Кыргызстан аркылуу аткезчилик көбөйдү деп айткандары негизсиз. Бул тууралуу Кыргызстандагы базарлар бирлигинин төрагасы, “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Ал кыргыз-казак чек арасындагы абалды саясат деп баалады.

Пономаревдун айтымында, чек арада турган оор жүк ташуучу машинелердин токсон пайыздан ашыгында тигүү тармагынын товарлары жана айыл чарба продукциялары бар. Аларды аткезчилик деп атоо туура эмес. Ошондой эле Сергей Пономарев Түркиядан транзит менен келе жаткан фуралар текшерилип жатканын айтты. Казакстандын чек арада текшерүүнү күчөтүшү менен эл аралык жүк ташуу коопсуздугу боюнча конвенция бузулуп жатканын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандагы Соода тармагынын профсоюзунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева чек арадан бош фуралар да өткөрүлбөй калганын белгиледи.

25-октябрда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөрдү Кыргызстан аркылуу биримдиктин аймагына кирип жаткан аткезчиликти ооздуктоого аракети менен түшүндүргөн. Аткезчилик боюнча абал жакшырмайынча күчөтүлгөн текшерүүлөр токтотулбай турганын жарыялаган.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астананын билдирүүсү жөн эле шылтоо деген жооп кайтарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: