Menu

Исаков: чек арада турган машинелердин көбү казак ишкерлерине таандык

Бөлүшүү:

Кыргыз өкмөтү чек арадагы кырдаалдан жапа чеккен ишкерлерди колдоону чечти. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы абалды талкуулаган жумушчу жыйын өткөрүп, тиешелүү токтомго кол койду. Анда сөз сүйлөгөн учурда Исаков чек арада жабыркагандардын басымдуу бөлүгү Казакстандын ишкерлери экени аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап менен чек арадагы абалды жөнгө салуу багытында биргеликте иштелип чыккан «жол картага» белгисиз себептерден улам азыркыга чейин кол коюла элек.

Исаков президент маселени чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды бергенин, ага ылайык чыгымга учураган товар өндүрүүчүлөргө, оор жүк ташуучуларга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн токтом даярдалганын белгиледи. Мындан тышкары кандай гана кырдаал түзүлбөсүн Кыргызстан менен Казакстандын эли боордош эл катары калат деп кошумчалады.

Экономика министри Артем Новиков жыйында билдиргендей, чек арада турган 349 айдоочуга сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын бир күндүк чыгымдары эсептелип чыккан. Анын айтымында, бир оор жүк ташуучу автоунаа кезеги жетип чек арадан өткөнчө 5-6 күн өтөт.

Ал эми Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевдин маалыматына караганда, ушу тапта кыргыз-казак чегиндеги «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 460, «Чоң-Капкада» 90, Чалдыбарда 16 оор жүк ташуучу машине кезек күтүп турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: