Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет КР Өкмөтү тарабынан маданият, маалымат жана туризм министри кызмат ордуна сунушталган Султанбек Жумагуловдун талапкерлигин жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Султанбек Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жерге-Тал айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин «Би-Би-Си», «Азаттык», «ЭлТр», КТРК сындуу бир катар ири жалпыга маалымдоо каражаттарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Акыркы кезде КР Президентинин Аппаратында кенешчи болуп иштеп турган. Ал журналист, эксперт, жазуучу катары таанымал.
Эске салсак, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жакында өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ