Menu

БШКнын төрагасынын орун басары Атыр Абдрахматова президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюдан баш тартты

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун билдиришинче, шайлоодо талапкерлер Сооронбай Жээнбеков 54.22, Өмүрбек Бабанов 33.49, Адахан Мадумаров 6.57 пайыз добуш алды. 12 миң киши “баарына каршы” добуш берип, алар 0.73 пайызды түздү.

Жыйында “Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо” мыйзамынын 37-беренесине ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлду. Ага Боршайкомдун эки мүчөсү Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова кол коюудан баш тартты. Елена Жылкычиева белгисиз себеп менен жыйынга келбей калганы айтылды. Протоколго кол коюудан баш тарткан Журабаева да отурумга катышкан жок.

БШКнын башка мүчөлөрү жыйынга катышкандар мыйзамга ылайык протоколго кол коюшу керектигин айткандан кийин Атыр Абдрахматова добуш берүүнүн жыйынтыгына каршымын деген кол коюп берерин маалымдады. Ал шайлоодо бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурс колдонулганын, анын жыйынтыгына макул эмесмин деп өзгөчө пикирин тааныштырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү бар. ​

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Ага 11 талапкер катышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: