Menu

Жалал-Абад: областтык клиникалык оорукананын материалдык базасы чындалууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын гана эмес, бүтүндөй областтын элинин саламаттыгынын сакчылыгында турган областтык клиникалык оорукананын материалдык-техникалык базасы улам чыңдалып баратат. Азыркы тапта оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү толугу менен оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу клиникалык оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаев билдирди.

Анын айтымында, аталган бөлүмдүн имараты тээ 1986-жылы курулуп, ошондон бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес болчу. Имараттын эскилиги жетип, бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө, бейтаптар менен медицина кызматкерлерине комфорттуу шарттарды камсыз кылууга кыйынчылык жаралган. Ушундай абалда бөлүмдүн имаратын толугу менен оңдоп-түзөтүү зарылдыгы келип чыккан, бир бир топ жылдардан бери каражат маселеси чечилбей келди.

Акыры медиктердин тилеги орундалып, республикалык бюджеттен имаратты оңдоп-түзөтүүгө 1,5 миллион сом каражат бөлүндү да, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Азыр имараттын дубалдары кафелденип, бейтаптар жаткан бөлмөлөргө санузел камсыздалып, муздаткычтар, эмеректер коюлууда. Жылытуу системасы толугу менен реабилитацияланып жатат. Бейтаптарга эле эмес, медициналык кызматкерлердин иштөөсүнө да ыңгайлуу шарттар жаралууда.

Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жээналиеванын айтымында, мурда медициналык кызматкерлерге мынчалык жакшы шарттар түзүлгөн эмес болчу. Эми болсо, шарттар жакшырып жатат жана мунун өзү бейтаптардын маанайынын да жакшы болушуна алып келет. Азыр иштер кызуу жүрүп жатат, эгерде иштер ушул темп менен жүрүп отурса, анда ноябрь айынын аягына карата бөлүмдүн имаратында жүрүп жаткан курулуш иштери аягына чыгат.

Эскерте кетсек, областтык клиникалык ооруканынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 37 медициналык кызматкерлер калк саламаттыгы үчүн иштеп жатышат. Жакшыртылган шарттар бөлүмдүн ишинин деңгээлин ого бетер жогорулатат деген ишеним бар.

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: