Menu

БШК 15-октябрдагы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдөгү бюджеттик чыгымдары жөнүндө алдын ала маалыматты укту

Бөлүшүү:
2017-жылдын 30-октябрындагы КР БШКнын жыйынтыктоочу жыйналышында  БШКнын каржы башкармалыгынын башчысы Э. Утуровдун  2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык  көрүү жана  өткөрүүдөгү  бюджеттик чыгымдары жөнүндө  алдын ала маалыматы угулду. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.
КР БШК Токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык  көрүү жана  өткөрүүдөгү  бюджеттик чыгымдары–671 502,1 миң сом болуп бекитилген, алардын ичинен:
-шайлоого (биринчи тур) – 539 452,6 миң сом:
-экинчи турдагы добуш берүүгө (экинчи тур)–132 049,5 миң сом бөлүнгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча шайлоого пландалган чыгымдардан  үнөмдөлгөн сумма  (биринчи тур) 30-40 млн сом болду.
Үнөмдөө айрым чыгымдарды оптималдаштыруунун эсебинен жана эл аралык өнөктөштөрдүн  колдоосу аркасында жетишилди.
Кайра добуш берүүгө эсептелген (экинчи тур)  каражатты кошкондо чыгымдалбаган сумма 132 049,5 миң  сом болуп – жалпы үнөмдөө 160 млн сомдон ашыкты түзүшү мүмкүн, ал республикалык бюджетке  кайтарылмакчы.
Ошондой эле Э.Утуров шайлоо күрөөсү катары Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын депозиттик  эсебине  17 650 000 сом түшкөнүн маалымдады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы №90-94 Чечими менен каттоодон өтпөгөн 5  талапкерге 4 650,0 миң сом кайтарылып берилген.  (Чороев К.А., Келдибеков А.К., Исаев К.К. Масалиев И.А., Турсунбек Акун).
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 4-пунктуна ылайык добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан ашык добушун алган  С.Жээнбеков, Ө.Бабанов, А.Мадумаровго шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.
БШКнын депозиттик эсебинде шайлоо күрөөсүнөн калган сумма 10 млн. сомду түзөт. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесине ылайык күрөөдөн калган сумма бюджетке кайтарылбайт жана КР БШК тарабынан максаттуу пайдаланылып, шайлоолорду даярдап өткөрүүгө жана шайлоо процессин өркүндөтүүгө жумшалмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: