Menu

Нарын казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордоштордон кабар алды

Бөлүшүү:

Нарын облусунун мусулмандар  казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордоштор менен жолугушуп, алардын ал абалдары менен жеринде таанышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага облустук казыяттан Эрик Молдокулов, Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев жана Куланак айылынын имам хатиби Кенжебек Иманов катышып, алар менен казыят, демөөрчүлөр тарабынан уюштурулган дасторкон үстүндө сүйлөшүштү. Ал эми Памирден келген кыргыз боордоштор ата-бабалар салттуу ислам динин бекем тутунуп келгендигин айтышып, алардын ыкластары бекем болгондугун жашырышкан жок.

Муну менен катар Нарын облусунун мусулмандар  казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордошторго  мамлекет тарабынан абдан катуу көзөмөл жүргүзүлүп, алардын ден-соолук, тазалыктарына өзгөчө көңүл буруп, ал тургай бир маал эне-тил сабагын окутуп жаткандыгына күбө болушкан.

Эскерте кетсек Памирден Кыргызстанга жалпысы болуп 33 адам көчүрүп келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: