Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында “Айкөл куту – Умай нуру” коомдук бирикмеси тарабынан окуучулар аралык уюштурулган республикалык сынак кечээ 29-октябрь күнү жыйынтыкталды. Бул туурасында улуттук тил комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.
Бул сынак буга чейин облустук деңгээлде өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар борборго келип өнөрлөрүн тартуулашты. Сынактын жүрүшүнө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү да көз салып, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн уюштуруучуларга сыйлыктарды тапшырды.
- Молдобаева Нуркан Бектемировна “Айкөл куту – Умай нуру” коомдук бирикмесинин төрайымы “Кыргыз тили” төш белгиси менен;
- Досматова Жаңылкан “Айкөл куту – Умай нуру” коомдук бирикмесинин ардактуу мүчөсү “Ардак грамота” менен сыйланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ