Menu

Өзбек имамдары азан боюнча президентке кайрылышты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда социалдык түйүндүн колдонуучулары үн күчөткүч аркылуу азан чакырууга уруксат сураган имам-хатибдердин жыйынын кеңири талкууга алышууда.

Өзбек жалпыга маалымдоого каражаттары билдиргендей, имамдар 26-октябрдагы чогулушта үн күчөткүч аркылуу азан чакыруу демилгесин бир добуштан колдошкон.

«Талкуу учурунда атүгүл Москвада үн күчөткүч аркылуу азан айтууга уруксат берилгени мисал келтирилди. Имамдар Өзбекстандын православ чиркөөлөрүндө коңгуроолор кагыларын жана бул кимдир бирөөнүн уйкусуна жолтоо эместигин белгилешти», – деп жазды Azon.uz. сайты.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Абдулазиз Мансур муфтият мамлекет башчыга кайрылып, өзбек аялдарынын хиджап кийип жүрүүсүнө уруксат берүүнү, үн күчөткүч аркылуу азан чакырууну, мектептерде дин таануу сабактарын киргизүүнү сураганын билдирди. “Учурда жооп күтүп жатабыз. Өткөн жылы өлкөдө көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болду. Кудай буюрса, дагы көп болот”, – деди шейх Абдулазиз Мансур.

Өзбекстанда элди намазга чакырууга расмий түрдө тыюу салынган эмес. Бирок мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда жазылбаган чектөөлөр болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: