Menu

Эл азыр 23 жылдан кийин эмне боло­рун эмес, баурдастар менен чек ара качан ачылат деп cap санаа болууда

Бөлүшүү:

Кетерине туура бир ай калган президент А.Атамбаевдин 30-октябрдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсун алышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Айрымдар мамлекет башчынын кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга, өткөн жекшемби күнү Таласта жүздөгөн “Абыке-Көбөштүн тукумдары” митингге чыгып, кечирим суроосун талап кылышкандыгына жана алты жыл мамлекетти башкарып, алты ишкана курбай кетип жаткандыгына каттуу кейип, ооруп калды дешүүдө. Бирок президенттин расмий сайтында кыска гана Өргүү учурунда Президент Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштейт”,- деп маалымат таратты. Негизи бир ай чыдап иштеп берип койсо болмок. Канткен менен А.Атамбаевдин кетишин каалабагандардан, зарыгып күтүп, күн санагандар да толтура. Андан соң каалагандай эс алууга шарты бар эле. Ал эми 2040-жылга чейинки стратегияны өзүнөн кийин келген президент деле аныктап алмак. Себеби “жолун улантуучу” мураскер келатпайбы. Чындыгында эл азыр 23 жылдан кийин эмне боло­рун эмес, баурдастар менен чек ара качан ачылып, алдыдагы кыштан кантип чыгабыз деп cap санаа болууда.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: