Menu

Турсунбек Акун акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айыбын ачты…

Бөлүшүү:

Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Жип” үлгүсүндөгү автоунаасын бюджеттик акчага сатып алышы керек эле. Баасы 1,5 миллион сомго бааланган автоунаага бирок. Акыйкатчы отура албай калды. Анткени, коомчулук мындай ашыкча чыгашага каршы пикирин билдирип, Оторбаевге сын жаадырышты.

Мындан улам Акыйкатчы автоунаа алуудан баш тартып, Каржы министрлигине ал акчаны балдар үйүнө которуу боюнча өтүнүч кат жолдогон.

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун учурдагы Акыйкатчынын бул кадамын “популизм” деп баалады.

“Менчик автоунаасын сатып, балдар үйүнө которсо мен колдомокмун. Бирок, автоунаа сатып алынчу акча бюджеттен бөлүнгөн да. Демек, мамлекеттин акчасын каалагандай колдонуп, каалаган жагына которо салууга укугу жок. Акыйкатчы институ­ту эчак өлгөн, ал бул кызматты ээлеп турган убакта чындап институт колго ала турган иштерди жасабастан, майда-барат билдирүүлөр менен чектелип отурду”,- деди Акун.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: