Menu

Ооганстан президенти Өзбекстанга келет

Бөлүшүү:

Ооганстандын башчысы Ашраф Гани жакын арада бир катар меморандумдарга кол коюу үчүн Өзбекстанга барат.

Ооган ММКлары кабарлагандай, башкы темалардын бири темир жол байланышы багытындагы кызматташуу болот. Балх провинциясындагы Мазари-Шарифтен тарта Ооганстандын төрт провинциясы аркылуу Гератка чейин темир жол линиясын куруу пландалууда. Өзбекстан бул линиянын бир бөлүгү болуп калышы ыктымал.

Ооганстандын темир жол администрациясынын башчысынын орун басары Абдул Бари Седдики бул долбоор ишке ашса, Өзбекстан үчүн Ирандын портторуна жол ачыларын баса белгиледи.

Долбоор Өзбекстан, Ооганстан, Кыргызстан, Иран жана Кытай ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Маалыматтарга караганда, Мазари-Шарифтен Кундузга чейин дагы темир жол линиясы курулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: