30-октябрда Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай багыты боюнча автомашина менен алгачы жүк ташуу башталды. Жүк Кыргызстандын Ош шаарындагы “Достук” чек ара бекети аркылуу өтөт. Өзбекстан быйыл Кыргызстан менен мамилесин жакшырта баштаганда Анжиян-Ош-Кашкар трассасын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу керектиги тууралуу маселе көтөрүлгөн болчу. Ошентип туңгуюк өлкө катары айтылып келген Кыргызстан үчүн транзиттик каттамдан экономикалык пайда алууга шарттар түзүлүүдө. Бирок ортодо бир гана көйгөй жаралууда. Анткени буга чейин Кытай кыргызстандык оор жүк ташуучу автоунаа ээлерине виза берүүнү азайтып койгондугу белгилүү. Айрым айдоочулар виза ала алышпай, алды 6 айлап кезек күтүп турушат. 26-октябрда Ош шаарында Кыйтайга виза ала албай жатышкан «Юг-Транс», «Транс-Ордо» жана «Айдоочу» коомдук бирикмелеринин кызматкерлери жана айдоочулары маселени чечип берүүсүн айтып, өкмөт башчы Сапар Исаковго кайрылышты. Анткени кытай элчилигинде жергиликтүү эле кароолчу, кагаз ташуучу болуп иштеген жарандар ортомчу боло калып, жасалма визага кезекти жаратып, акча жасашары да белгилүү. Демек, кыргыз өкмөтү өзүбүздүн да жарандарды ойлоп, виза маселесин эле чечип берсе, миңдеген айдоочулар Кытайга жүк ташып, жумуш менен камсыз болмок.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ