Menu

Бекболот Талгарбеков, саясий туткун: “Учуру келет, ошондо биз жаңы мамлекеттик кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн фамилияларын атайбыз…”

Бөлүшүү:

Туңгуч президент Аскар Акаевдин сүймөнчүк кадрларынын бири болгон, айыл чарба министри, губернатор, вице-премьер-министрлик кызматтарга чейин жеткен Бекболот Талгарбеков азыркы бийликтин, президент Алмазбек Атамбаевдин каргышына калып, учурда УКМКнын абагында жатат.

Тагыраагы, ал баштаган “Элдик парламент” деп өздөрүнө ат коюп алган оппозиционерлерге бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы боюнча алды 5-6, арты 14 жылдан эркинен ажыратылган.

Жакында ошол ишке ашпай калган “төңкөрүштүн” уюштуруучусу саналган, кагазда гана калган “Элдик парламенттин спикери” Б.Талгарбеков УКМК СИЗОсунан коомчулукка төмөнкүдөй кайрылуу жасады:

“Элдик курултай” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн үстүнөн болгон камоолор жана сот түздөн-түз саясый, буюртма мүнөзгө ээ жана бийликтин өз жарандарынан өкүмзордук менен өч алуусу болуп саналат.  Өзүнүн эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдары “Демократия аралчасы” катары дүйнө жүзүнө таанылган XXI кылымда Кыргызстанда тергөө жана сот иштери азыр өткөн кылымдын 37-жылдарындагы сталиндик репрессиянын ыкмаларын колдонууда.

Бир гана айырмачылыгы, биздин айрымдарыбызга иш жүзүндө өлүм жазасын чыгаргандыгын эске албаганда, азырынча бизди атууга жете албай калышты же ата албай калышты. Мага жана Колубаевге 14 жылдан, Султановго – жазаны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөө менен 10 жыл беришти, ал эми Калматов жана Гусев катары менен 5 жана 6 жылдан алышты.

Биздин үстүбүздөн болгон сот процесси адамкерчиликсиз мүнөзгө ээ жана ондогон жылдарга мындай бийликчил, тергөөчүл жана соттук башаламандыкты далилдеп турат. Бизди “мамлекеттик төңкөрүш” уюштурууга даярдык көргөндүгүбүз үчүн айып тагып, соттошту, андан соң, камалган соң улуттар аралык кастыкты козуткандыгыбыз үчүн айыпты кошумчалашты. Бул айыптоолор толук бойдон негизсиз. “Далилдер” – жалган жана ойдон чыгарылган. Өзүңүздөр карап көрүңүздөр:

Биринчи. Мен КРнын биринчи президенти Аскар Акаев менен дайыма жолугуп турам. Ал менин окутуучум жана мен аны саткан жокмун. Ал 2005-жылдан тартып илим менен гана алектенип, дүйнөлүк деңгээлде таанылды. Кыргызстандын саясый турмушуна кандайдыр бир тиешеси жок. Ал эми тергөө менен сот “Талгарбеков Акаев менен жолугат, демек, ал системалуу түрдө мамлекеттик төңкөрүштү даярдаган”- деген бүтүм чыгарат.  Башка эч кандай далил жок. “Жолугат – демек, кылмышкер!” – мына ушундай “темирдей логика”. Бул каратып туруп эле калп айыптоо эмеспи?

Экинчи. Тергөө 2014-жылдагы менин баламдын электрондук почтасына өздөрү ойдон чыгарган документти тиркейт. Анда менин Кыргызстандагы кырдаалга анализ жасалган студенттик рефераттын деңгээлиндеги Акаевге катымдан кайра эле өздөрү ойдон чыгарган бир гана “жаңы революция” деген сөздү кошуп коюшкандыгы ишенимдүү түрдө “Талгарбеков жаңы революцияны даярдаган” пикирин бекемдешет. Бул башаламандык эмеспи?

Үчүнчү. Биз, бириккен “Элдик парламентте” 105 адам элек. Тергөө жана соттун бекем ишениминде тагыраак айтканда – алардын фантазиясы боюнча алардын арасынан экөөсү гана, мен жана Колубаев “мамлекеттик төңкөрүштү” уюштуруппуз. Ошондой эле үчөөсү гана же  Калматов, Султанов жана Гусев бул тууралуу билишкен экен. Ал эми калган 100 адам короодогу койдой экөөбүз “мамлекеттик төңкөрүш” уюштургандыгыбыз тууралуу эч нерсе билбей, сезип да коюшпаптыр. Мындайды сталиндик репрессиянын тергөөчүлөрү менен соттору, ал тургай жан алгачтар да ойлошмок эмес.

Төртүнчү. Ар бир акыл-эси ордунда тергөөчү же сотко мамлекеттик төңкөрүш даярдалганда, аудио-видео жазуу түрүндөгү далилдер, басып алуу пландары, уюштурулган күжүрмөн топтор, курал, акча жана башка керектүү каражаттар боло тургандыгы белгилүү. Тергөөдө бизге карата эч кандай мындай далилдер жок. Ошондуктан алар биздин ишибизге коомчулуктан өздөрүнүн кылмыштуу аракетин жашыруу үчүн  жашыруундуулук тууралуу режимди берүүгө аргасыз болушту.

Бешинчи. Тергөө менен сот толук бойдон биздин Россиянын ФСБ жана башка күч түзүмдөрүнүн айрым отставкадагы генералдары, биздин мурдагы мекендештерибиз, мисалы, Бахтияр Алиев менен байланышыбыз тууралуу жагдайды кароону толук жокко чыгарды. Анткен менен алар ачык түрдө эле 2010-жылдын июнь окуяларындагы кандуу окуялар боюнча маселелерди, РФ менен КРнын өкмөттөр аралык байланышындагы коррупцияларды иликтөө тууралуу  кызматташышкан. Алар Россия жана Кыргызстандын чынчыл мекенчил уулдары, биз алар менен достошконубузга сыймыктанабыз. Ал эми биздин бийликчил пресса “Элдик парламенттин” мүчөлөрүнүн жардамы менен Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого россиялык генералдардын кызыкчылыгы тууралуу ушак-айыңды көбүртүп-жабыртып айта башташты. Кайра эле эч кандай фактысыз. Россия,  президент Владимир Путин өзүнүн генералдарына ушундай акылсыз жана кылмыштуу кадам жасоого жол берет беле?

Алтынчы. “Элдик парламенттин” экинчи документи газеталарга жарыяланган “Элге кайрылуусу” болду. Бирок тергөө ойдон чыгарылган “Элге кайрылууну” таап чыкты. Катасы менен, кошумчаланган жана ойдон чыгарылган ал 6 беттик текстти  экспертизага берип, керектүү тыянакты алышты. Бул кылмыштуу аракет эмеспи?

Жетинчи. Тергөө жана сот “эксперттердин тыянагына” шылтоолоп, биздин бирикменин “Элге кайрылуусу” “аймактар аралык кастыкты козутат” деген бүтүмгө келишкен. Мында алар ачык эле ошол “Элге кайрылуудагы” текст сөзмө-сөз менин “Арена” газетасына берген (24.04.2014) интервьюмдан көчүрүлүп алынган. Ал эми эксперттер сыягы, тергөөчүлөрдүн карама-каршылыктуу көрсөтмөлөрүнөн адашып, өздөрү менин ошол эле интервьюмда аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча эч кандай жагдай жок экендиги тууралуу тыянак чыгарышкан. Судья бул фактыга көз жумуп коюп, айыптаган өкүм чыгарды. Бул бийликке айласыздан сокур баш ийүүчүлүк эмеспи?

Сегизинчи. Тергөө жана сот биз, “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бишкекте тынч жыйынды пландаштырып, андан ары Өкмөт үйүн басып алуу үчүн массалык башаламандыкты уюштурууну көздөгөндүгүбүз үчүн айып тагат. Алардын мындай “ой жүгүртүүсү” бир дагы факты менен бекемделген эмес. Алар тынч жыйын өткөрүү – бул биздин конституциялык укугубуз экендигин билмексен болушат. Өзгөчө белгилеп койгум келет, ошол тынч жыйынга биз сөзсүз түрдө үй-бүлөбүз, жубайларыбыз, балдарыбыз, неберелерибиз менен келүүнү чечип, бул тууралуу ачык айтканбыз. Биз Өкмөт үйүн басып алуу үчүн башаламандыкты уюштуруп, алардын өмүрүн тобокелчиликке салат белек?

Акылман кыргыз элинде мындай сөз бар: “Ак ийилет, бирок сынбайт”. Эртеби, кечпи толук акталарыбыздан кымындай да шек жок. Бирок башкы суроо: качан жана кандай жагдайда бизди мыйзамсыз камаган жана мыйзамсыз оор жазага тарткан мамлекеттик кылмыштуу топ өзү соттолуп, татыктуу жазасын алат? Биз ушул багытта иш жүргүзөбүз. Бул – биздин жашообуздун максаты. Кийин биз жаңы мамлекеттик кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн фамилияларын атайбыз. Алар сөзсүз өздөрүнүн кылмыштуу аракеттери, бизди кыйнагандыгы, биздин үй-бүлөлөрүбүздү, туугандарыбызды  азапка салгандыгы жана чечимдери үчүн жооп беришет…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: