Menu

3-ноябрда Талас эли митингге чыгабы?

Бөлүшүү:

18-октябрда мамлекет башчысы мыкты окуган студенттерге стипендия тапшыруу аземинде 16-октябрда Таласта өткөн митингдин катышуучуларын сынга алып, аларды “Абыке-Көбөштөрдүн тукуму” атаган. Ошондон бери Таластын ичинде тынчтык жок. Намыскөй келишет эмеспи, президенттин сөзүнө катуу таарынып, тез арада кечирим сурашы керектигин Бишкекке атайын келген аксакалдар тобу билдирген болчу.

Ошонун уландысы катары өткөзүлгөн митинг учурунда Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков “чогулушунар мыйзамсыз”, “таркагыла”- деген кебин таластыктар чымын чакканчалык да көрүшпөдү. Өтө катуу сөздөр айтылып, резолюциясында Атамбаевге кечирим суроого 3 күндүк убакыт тартууланды.

Ошол эле убакта бийликчил күчтөр да айрым Таластын аксакалдарын алып келишип, маалымат жыйын курушту. Булар: “президенттин кебин апырта бербегиле”, “10 чакты адам жалпы Талас элинин атынан сүйлөбөшү керек”- дешти. Бул сөздөр “искренний” чыкпаганы да көзгө урунат.

Талас облустук акасакалдар кеңешинин төрагасы Мунур Мамбеталиев: “Президент сөзүндө Манас эпосундагы эпизодду айткан. Ал “Талас жергесинин тургундары Абыке жана Көбөштүн тукумдары” деген жок. Манастын өлүм алдындагы Каныкейге кайрылуусун гана айтты. Сөздү туура эмес кабыл алуудан элди бөлүп-жаруу аракети башталды. Мамлекет башчысы элдин биримдиги, кыргыздардын Абыке-Көбөш сыяктуу душмандары тууралуу гана айтты. Биздин арабыздагы провокаторлор алар – Абыке-Көбөштөр”,- деди.

Кечээ Бишкектеги ресторандардын биринде да таластык туугандардын чогулушу болуп, анда да “Абыке-Көбөш” темасы талкууга алынды. Муну 3-ноябрда Таласта өтө турган нааразычылык митингине даярдык катары сыпаттаса болот. “Акаевдик бийликти кулатууга салымыбыз чоң”, “ушул бийлик­ти алып келебиз деп балдарыбыз апрель окуясында өлгөн”- деп турган намыскөй Талас эли түп көтөрүлө митингге чыгууга камынууда. Кеминде 10 миңдей адам келерин айтышууда. Алар Атамбаев кечирим сурабай турган болсо, Бишкекке жөө жүрүш жасашарын да жар салууда. Булардан кечирим сурай турган ажобуз болсо кезектеги эс алууга чыгып кетти. Тирешүү жакшылыкка алып барбайт, ошондуктан элге сабырдуулукту тилейли.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: