Menu

Дамаск түрк аскерлеринин Идлибге кирүүсүнө каршы

Бөлүшүү:

Сирия өкмөтүнүн делегация башчысы жана Сириянын БУУдагы элчиси Башар аль-Жафари Астанадагы брифингде Түркиянын Идлиб провинциясына кирүүсү агрессия катары баалана турганын билдирди.

Сентябрда Астанада өткөн Сирия сүйлөшүүлөрүндө кепил өлкөлөр Түркия менен чектеш Идлиб провинциясында төртүнчү коопсуз зонаны түзүүгө макулдашкан.

аль-Жафари “Жебхат ан-Нусра” тобунун жардамы менен Сирияга түрк күчтөрүнүн кирүүсүн айыптады. Ал Анкара кепил өлкөлөр ортосунда макулдашылган милдеттенмелерин аткарбай жатат деп эсептейт.

«Орусия менен Иран кепил-өлкөлөрдүн баары өз милдеттенмелерин аткарарын тастыкташкан. Өкмөттүн макулдугу жок аскер күчтөрүнүн аймакка кирүүсүн Сирия агрессия жана баскынчылык катары карайт», — деди аль-Жафари.

Орусия, Түркия жана Иран Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнө демөөрчүлүк кылууда. Мунун БУУнун ортомчулугу менен Женевада өтүп жаткан отурумдарга тиешеси жок.

Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн жетинчи айлампасында тараптар барымтадагылар менен камактагыларды бошотуу, маркумдардын сөөгүн өткөрүү жана дайынсыз жогологондорду издөө боюнча жумушчу топтун жобосун бекитишмек. Акыркы маалыматтар боюнча документ боюнча жыйынтыктоочу чечим кабыл алына элек.

Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы декабрга белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: