Menu

Кыргыз окумууштусу Негизги капиталды заманбап шартта кайра өндүрүү маселелерин изилдеди

Бөлүшүү:

КР УИАда окумуштуу, экономика илимдеринин кандидаты Азык Орозонованын “Проблемы воспроизводства основного капитала в современных условиях ( в Кыргызстане)” (Негизги капиталды заманбап шартта кайра өндүрүү маселелери (КРнын мисалында), аталышындагы илимий эмгеги басылып чыкты. Бул туралуу УИАда билдиришти.

Бул монографияда экономикалык илимдеги капиталды кайра иштетүүгө тиешелүү болгон маанилүү илимий-практикалык суроолор Кыргызстандын реалийиндеги көз караш менен анализденген, ошондой эле автор тарабынан амортизациялык саясатты жакшыртуу жана өркүндөтүү жолдору сунушталган.

Татаал экономикалык кырдаалдан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү бул изилдөө, материалдык жана моралдык жактан эскирген негизги капиталга жана кайра өндүрүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган. Анда, практикалык мүнөзү менен бирге негизги фонддорду кайра өндүрүүнүн теориялык аспектисинин кыскача баяндамасы камтылган. Ушуга байланыштуу, монография базар экономикасын өнүктүрүү маселелерине кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө сунуш кылынат.

 

Автор жөнүндө:

Орозонова Азык Абдыкасымовна – экономика илимдеринин кандидаты, КР УИАда академик Ж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун Эл аралык экономика бөлүмүнүн башчысы.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: