Жалал-Абад облусунда жаңгак терими дээрлик аяктап калды. Облус тургундарынын айтымында түшүмдүн көлөмү кыйла эле төмөн.
Жаз айында катуу суук жүргөндүктөн, жаңгактарды дээрлик үшүк алып кетти. Бирок, баасы былтыркыдай эле килосу 70-00 сомдон.
Маалыматка караганда, бир эле Базар-Коргон районунунда жыл сайын 2 миң тоннанын тегерегинде жаңгак өндүрүлөт. Мунун түшүмүнүн 98 пайызы Түркияга экспорттолот. Мындан тышкары Сауд Арабия жана Кытай ишкерлери дагы алып кетишет. Наркы жангактын сапатына жараша аныкталат: жакшысынын килосу 100-120 сом, карайып калган жана үй жаңгактары 80 сомдон бааланат.
Баса, Жалал-Абад облусунда табигый жол менен өскөн жаңгак токойлору 33 миң гектардан ашуун аянтты ээлейт. 16 миңден ашык үй-бүлө токой аянттарын ижарага алып иштетишет.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ