Menu

Парламент кыргыз-казак чек арасындагы абалды жабык талкуулайт

Бөлүшүү:

Кыргыз-казак чек арасындагы абалды парламентте бүгүн талкуулоо сунушу айтылды. КСДП фракциясынан депутат Улан Примов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени өкмөттү чакырып талкуулоо керек деп айтып чыкты:

– Өзүбүз күбө болуп келе жатабыз, кырдаал акыркы 20 күндөн бери өзгөргөн жок. Өкмөт болгон аракетин жасап жатат, Астанада, Ереванда жолугушуулар өттү, бирок эч кандай өзгөрүү жок. Премьер-министрди, тиешелүү жетекчилерди чакырып маалыматын уксак. Биз, депутаттар, өз пикирибизди, сунуштарыбызды айталы. Өкмөткө жардам берүү, кырдаалдан кантип чыгуу жолдорун талкуулайлы. Себеби бул коопсуздукка тиешелүү да маселе. Керек болсо жабык талкуулайлы. Астыда кыш келе жатат. 3-4 айдан кийин жазгы талаа иштери башталат.

Төрага Дастанбек Жумабеков 2-ноябрга өкмөттүн кышка даярдыгын талкуулоо пландалып жатканын, андыктан бул маселени да ошондо кароо сунушун айтты.

Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Примовдун сунушу колдоо тапты.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган.

Учурда чек арада казак тарапка өтө албай жүздөгөн автоунаалар турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: