Menu

Аида Исмаилова: “Дары каражаттары департаментинде финансылык көз боёмочулуктар табылууда”

Бөлүшүү:

КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-каражаттары жана мециналык техникалар боюнча департаменти 2012-жылдан бери карай мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу бир топ аргументтерди мисалга келтирип, ЖК депутаты, Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Аида Исмаилова бүгүн, 1-ноябрдагы “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган Дары-дармектер боюнча департамент жобосу боюнча мамлекеттик мекеме болуп саналат. Бирок, ошол эле мезгилде чарбалык эсепте да иш алып барып жатат. Демек, аталган ведомствонун тапкан каражаты ошол мекеменин өзүндө кала берүүдө. Болбосо, бардык эсеп-кысап иштери мамлекеттик казначейлик аркылуу иретке салыныш керек болчу, – дейт депутат.

Ошондой эле мамлекеттик реестрге кирбеген мамлекеттик мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзө алышпайт. Бирок, мыйзамдын бул талаптарын бузууга жол берип калган учурлар ачыкка чыга баштады. Айталы, Дары-дармектер департаменти  финансылык жактан ишти так жолго салышы керек. Сөз болуп жаткан аргументтер курулай жалаа эмес. Муну КР Башкы прокуратурасы чыгарган бир эмес эки жолку жыйынтык тастыктап турат, – деди А.Исмаилова.

Депутаттын айтымында, Дары-каражаттары жана медициналык техникалар боюнча департаменти экспертиза жүргүзүүнү да өз колуна алып, көзөмөлдөө иштерине да жеке өзү милдеттүү болуп алган. “Бул эч бир мыйзамга туура келбеген жорук. Ошондуктан, биз дары-дармектер боюнча экспертиза аталган мекемеде жүрсө, негизги көзөмөлдү Саламаттык сактоо министрлиги колго алсын,- деп жатабыз. Ар бир дары каражатынын инструкциясы милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жазылыш керек. Бул дагы талап кылынган шарттардын бири. Ошондой эле дарыларды каттоодон өткөрүүдө төлөмдөр чет элдик валюта түрүндө эмес улуттук валюта менен жүргүзүлсүн,- деген тактоолор да сунушталууда”,- деди А.Исмаилова.

Өлкө аймагындагы колдонууга чыгып жаткан дарылардын 97%ы чет мамлекеттердин келе тургандыгын билдирип,  КР Саламаттык сактоо министрлигинин дары саясаты боюнча консультанты Жылдыз Жумагулова да радиоуктурууга катышты. Адистин айтымына караганда, БАД, гомеопатиялык каражаттар дары катары саналбагандыктан, алар санэпидемиологиялык көзөмөлдөө уюму тарабынан көзөмөлдөнөт.

Киреше табуунун ыйгыйлуу жолу деп көпчүлүк ишкерлер дарыкана ачууга кызыгышат. Бирок, бардыгынын эле буга мүмкүнчүлүгү жок. Себеби, дарыкана ача турган өкүлдүн атайын фармацевтика жаатында жогорку билими милдеттүү түрдө болуш керек деген талап бар, – дейт Ж.Жумагулова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: