Орусиянын президенти Владимир Путин 1-ноябрдагы Тегеранга жасаган сапары маалында ирандык кесиптеши Хасан Роухани жана Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменей менен жолугат.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, сапардын күн тартибинде Сириядагы жаңжал жана энергетика тармагындагы кызматташтык маселелери бар.
Сириядагы согушта Орусия менен Иран президент Башар Асад менен анын өкмөтүн, ал эми Түркия менен АКШ андагы түрдүү көтөрүлүшчүл топторду колдоп келишет.
Песков Путиндин Тегеранга сапарынын жүрүшүндө Ирандын президенти Хасан Роухани жана Азербайжандын лидери Ильхам Алиев менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү дагы пландалганын билдирди. Бул мындай форматтагы экинчи жолугушуу болот. Алгачкысы былтыр Бакуда Алиевдин демилгеси менен өткөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ