Menu

Казакстан соцтүйүн колдонуучуларынын жеке маалыматтарына жетүү аракетин көрүүдө

Бөлүшүү:

Астана эл аралык социалдык түйүндөрдүн жана мессенджерлердин жетекчилери менен жолугуп, колдонуучулардын маалыматтарын Казакстандын аймагында сактоо маселесин талкуулоону пландап жатат.

«Киберкоопсуздуктун 2022-жылга чейинки концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы» деп аталган долбоорго ылайык, серверлерди өлкө аймагына жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр казакстандык колдонуучулардын жеке маалыматтарына жетүүгө багытталган.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин сайтына жарыяланган документте аткаруучулар катары өлкөнүн Маалымат жана байланыш министрлиги менен бир катар күч органдары көрсөтүлгөн. Бул боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинки жылы аяктоо пландалууда.

Документте «казакстандык ишенимдүү программалык продуктулардын бирдиктүү реестрин» түзүү, ошондой эле маалыматтык коопсуздукка жетишүү максатында акырындык менен чек өлкөлүк программалык камсыздоолордон жана IT-продуктулардын сертификацияларынан баш тартуу каралган.

Мындай чаралар социалдык түйүндөр менен катар WhatsApp жана Telegram өңдүү популярдуу месенджерлерди дагы ММКларга теңөө сунушталып жаткан маалда көрүлгөнү турат.

Орусия 2015-жылдын сентябрында компанияларды орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын өлкө аймагындагы серверлерде сактоого милдеттендирген. 2016-жылы бул мыйзамды аткарбагандыгы үчүн чет өлкөлүк LinkedIn аттуу ири социалдык түйүнгө бөгөт коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: