Биз кааласак да, каалабасак да Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы эң күчтүү саясатчы катары жылдызы жанып турат. Аныгында, саясый рейтинги менен эсептешүү керек. Ал утулса дагы миңдеген күйөрмандары ичтеринен сызышып, колдоого алышканы жашыруун эмес. «Бук» чыкпай калды. Эң кызыгы, Бабанов баягы Бакиев доорундагыдай жаш саясатчы эмес, учурда ал саясый кырдаалга анализ жасап, жазды күтүүдө. Кокус Жээнбеков президент болуп шайланып келген соң, эгерде Атамбаев экөөнүн ортосунда карама-каршылыктар жаралып кетсе, Бабанов ошол учурда баш көтөрүп, саясый кырдаалга эбегейсиз таасир этет. Ага чейин кандай нааразычылык акция өтсө дагы, баары бир жемишсиз болору айкын. Негизинен түндүк регионунда БӨТтүн рейтинги №1 болуп аткандан кийин, мындай шансты оңой менен коё бербейт го. Бүгүн болбосо эртең аны эл ээрчисе керек… Ошондон уламбы, эгер Бабанов чет өлкөдөн келсе эле камала турганы каңкууланууда.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ