Menu

Сирия оппозициясы Сочиде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө каршы болууда

Бөлүшүү:

Батыш өлкөлөрүнүн негизги колдоосуна ээ болуп жаткан Сириянын улуттук коалициясы (SNC) деп аталган оппозициячыл топ Сочиде «Сирия топторунун конгрессин» өткөрүү тууралуу Орусиянын сунушуна каршы экенин билдирди.

SNC бул конгрессти БУУнун колдоосу менен Женевада өтүп жаткан тынч сүйлөшүүлөрдү кыйгап өтүү аракети деп атады.

Буга чейин Түркия Астанадагы сүйлөшүүлөргө Сириянын күрт партиясынын өкүлдөрүнүн чакырылганына нааразылыгын билдирген. Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калин түрк жана орус тараптын өкүлдөрү бул маселени талкуулай тургандыктарын билдирип, өзү дагы көйгөйдү жеринде чечүү үчүн жеке жолугушууларды өткөргөнүн айткан.

Шейшемби күнү Сирия түндүгүндөгү күрттөр башкарган бийлик өкүлдөрү Орусия аларды Сочидеги конгресске чакырганын билдиришкен.

31-октябрда Түркия менен Иран ноябрда Сириянын өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрүнүн катышуусунда Сочиде жолугушууларды өткөрүү боюнча Орусиянын сунушун жактырышкан. Бул сунуш 30-31-октябрь күндөрү Астанада өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасындагы көрүнүктүү жыйынтыктардын бири болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: