Menu

Миллиондогон рубль, элчиликке арызданган 1500 мигрант

Бөлүшүү:

65 миллион рубль айлык маянасын ала албай калган Орусиядагы 1500 мигрант элчиликке арыз жазды. Бул тууралуу миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып маалымдаган.

«Орусияда биздин өкүлчүлүк Ички иштер министрлиги менен натыйжалуу иш алып барууда. 189 линиясы боюнча ондогон кишилерге жардам көрсөтүлүүдө. Орусияда 65 миллион рубль айлыгын ала албай калган 1500 мигрант арыз менен кайрылды. Биздин өкүлчүлүк жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 25 миллион рубль өндүрүп берүүгө жетишти. Калган жарандардын кайрылуусу боюнча да аракеттер болуп жатат» дейт Шерипов. Белгилей кетсек, эми мигранттардан кийин Жогорку Кеңеште адам сатуулардын алдын алуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: