Menu

Жогорку Кеӊеште Казакстандын 100 млн доллар техникалык жардамынан баш тартуу демилгеси каралды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште Кыргызстан Өкмөтү менен Казакстан Өкмөтүнүнүн ортосундагы ЕАЭБге интергарциялануу шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денансациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт өкүлүнүн билдиришинче, Казак-Кыргыз биргелешкен инвестициялык фондун түзүү демилгеси 2007-жылы эле башталган, бирок кандайдыр бир себептерден улам аны түзүү иши кийинкиге жылдырылып келген.

Келишимге ылайык, Казакстан 2014-жылы ЕАЭБ алкагындагы жол картасын жүзөгө ашыруу үчүн 100 млн доллар өлчөмүндө жардам бөлмөк. Бул каражат өлкөнүн бажы обьекттерин жакшыртуу, ветеринардык лабораторияларды куруу сындуу өтө маанилүү долбоорлор үчүн жумшалмак.

Өкмөт өкүлүнүн ырастоосунда, кыргыз тарап 4 лаборатория курууга бюджеттен 172 млн сом бөлүүгө аргасыз болгон. Мындан ары да өз күчүбүз менен эле чечебиз. Бюджеттен кошумча каржат табылып, дагы 19 лаборатория бүткөнү калды.

Депутат Чыныбай Турсунбеков мыйзам долбоорунун негиздемесинде келишимди денонсациялоонун артында кыйынчылыктар деле жок деп жазылганын эске салып, келишимди бир тараптуу токтотуунун артында кыйынчылыктар турган-турбагандыгына кызыкты. Экономика министри Артем Новиков кошумча каражат булактары изделип, келерки жылдын бюджетине киргизиле турганын айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимди денансациялоо демилгеси буга чейин парламенттик үч тармактык комитети тарабынан жактырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: