Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына арыз келип түшүп, Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлордун биринен “Шайлоо” аттуу бейтааныш адам алдоо жолун менен жабырлануучунун ишенимине кирип, 120 000 сом акчасын кайрып берем деп алып, ушул күнгө чейин бербей изин жашырып качып жүргөнү маалым болгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Свердлов РИИБнин кызматкерлери рейддик иш-чараларды уюштуруп, натыйжасында Бишкек шаарынын 56 жаштагы А.Ш. аттуу жараны (аял киши) кармалган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ