-Зарылбек мырза, сиздердин фракциянын ичиндеги бөлүнүп-жарылуулар тууралуу сөздөр эмнеден улам пайда болуп жатат?
– Мен точно билбейм. «Он бир киши кол коюптур» деп уктум кечээ бир журналисттен. «Демек, мен он экинчи болом» дедим. «Эмне себептен?» деди эле, «аны мен айтып бере албайм, Бабанов өзү билет, эмне үчүн ага каршы болуп жатканымды» дедим. Алдан башка кошумча, алымчам жок.
– Иши кылып, демилгечиси өзүңүз эмеспи? Рысалиевди атайын фракцияны ыдыратыш үчүн алып келишти деген да сөздөр бар…
– Демилгечи мен эмесмин. Ар ким ар нерсени айта берет да. Мен калп айткан жокмун.
– Жердештериңиз мунуңузду кандай кабыл алышаар экен?
– Кандай кабыл алышса өздөрү билишсин. Алар биринчи менден келип сурашсын, «эмне үчүн Бабановго каршысың? Экөөң дос элең, ага-инидей жүрчү элеңер, эмне үчүн ит менен мышыктай болуп калдыңар?» деп.
Мен түшүндүрүп берем. «Бир ит көрүп үрөт, көп ит көрбөй үрөт» дейт. Анын сыңарындай, кээ бирөөлөр эчтекени сурабай туруп эле тыянак чыгарып атышпайбы.
– А Бабанов өзү каякта?
– Билбейм каякта экенин.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ