Menu

Рыскелди Момбеков, депутат: “Мен Илимдин артынан түшкөн жокмун. Өзүнүн сөзү ырбатты”

Бөлүшүү:

-Рыскелди мырза, өзүңүз деле окуп жаткан чыгарсыз, сиздин социалдык комитеттин отурумунда Илим Карыпбековдун дарегине айткан сөздөрүңүз социалдык түйүндөрдө аябай талкууга алынып жатат.

– Жок, окуган жокмун. Мен Фейсбук, Ютуб дегендерге дегеле кирбейм. Ал эми Карыпбековдун дарегине айтылган сөздөрүмө келсек, социалдык комитеттин ошол жыйыныңда негизги суроолорду Садык Шер-Нияз, мен жана Альфия Самигулина бергенбиз. Анан «башка депутаттардын бардыгынын даярдыгы жок, министрлердин баары бош отуруп калды, эки саат бизди эзип, кармабай эле койсо болмок» деген жүйөөнүн өзү негизсиз. Илим Майрамбекович өзү угуп отурган, ал күнү депутаттарга күн тартибиндеги маселенин документтери таркатылган эмес. Күн тартибиндеги маселени алып салуу демилгеси көтөрүлгөндө «жок, карай берели» деп өздөрү сунуш кылган. Сунуш кылгандан кийин «мейли эми, отчетун кабыл алып коёлу» деп баарыбыз бир пикирге келген болчубуз да. Анан ошондон кийин жанагындай сынды жазып чыгыш комитеттин депутаттарынын баарынын намысына шек келтиргендик болуп эсептелет. Байкоочулар кеңешине биздин депутаттардын дарегине айтылган сын пикирлер боюнча «силер өзүңөр да карап көргүлө, бул канчалык этикага туура келет» десек, Жыпар Жекшеев биздин депутаттар менен байланышып айтыптыр, «мен дагы бул боюнча сүйлөштүм, ал туура эмес сүйлөп койгонун мойнуна алды, кечирим сурай тургандай чечимге келди» деп. Бирок, келбей койбодубу. Жок дегенде «мен туура эмес айтып койдум, ачууга алдырдым, андай сөздөрдү айтпашым керек эле» деши керек болчу. Андай сөздү айтпагандан кийин биз өз сөзүбүздү айттык. «Момбеков Карыпбековдун артынан түшүп алды» деп атышпайбы. Жок, мен анын артынан түшкөн жокмун. Илимдин өзүнүн сөзү артынан түштү. Анын сөзүн биз өзүнө бурдук. Алар президенттик шайлоодо 50 млн. сомдун тегерегинде пайда тааптыр. Ошондой пайда тапкан болсо, Илим өзү айтып атат «биз өкмөттүн 42 өкүлдөрү отуруп, бюджетке момунча зыян келтирдик, өкмөттүн акчасын аяш керек» деп. Анда өзүнөн башташ керек. Бюджеттен КТРКга каралып жаткан 50 млн. сомду кыскартыш керек. Мына ошондо туура болот. Мен анын артынан түшүп, «кектейин, өч алайын» деген ниетим жок. Мен Илимди жакшы билем, мамилебиз да жакшы. Болгону өзүнүн сөзүнө жооп иретинде айттым.

– Бирок, депутаттарды сындап койсо эле «өзүн текшерүү керек» деген туура болобу? Эмне, депутаттарды дегеле сындабаш керекпи?

– Ал өзүнүн сөзүнө иши менен жооп бериши керек. Өз ишин ак жана так аткардыбы, кеп ошондо. Эгер ишинде кандайдыр бир «илинчектер» пайда болуп кала турган болсо, анда өзү эле уят болуп калат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: