Menu

Көмүр көйгөйү чечиле баштады

Бөлүшүү:

Кыргызстанда көмүр маселеси чечиле баштады. Кыргыз өкмөт башчысынын орун басары Дүйшөнбек Зилалиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, ноябрь айынын аягына чейин Казакстандан 100 миң тонна көмүр ташылып келет.

– Акыркы маалымат боюнча, көмүр келе баштады. Кечээ алгачкы алты, бүгүн тогуз вагон келди. Азыр дагы 25 вагон кыргыз-казак чек арасындагы “Луговое” станциясына келип калды. Ушул айдын аягына чейин 100 миң тонна келет.

Кыш түшө электе эле Бишкекте көмүрдүн баасы төрт миң сомдон ашты. Мунун себебин сатуучулар Казакстандан көмүр келбей калганы менен байланыштырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: