Menu

Бишкекте бир турак үй жана үч автоунаа күйүп кетти

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин районунда 2017-жылдын 3-ноябрында саат 01:15 чамасында Гагарин-Люксембург көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабатту мансарда тибиндеги турак үй жана “Мерседес Спринтер”, “Жигули”, “УАЗ” үлгүсүндөгү унаалар күйүп кетти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзөт. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнүн куткаруу бөлүмдөрү тартылып, саат 02:36да өрт чектөөгө алынып, саат 07:07де толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: