Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргызстан менен Россия элдеринин достугун билдирген Элдер достугу монументин жана Чүй проспектиндеги Ала-Тоо аянтындагы гүлбакчага жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө Бишкек шаарынын мэриясына финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 3 млн 111 миң сом бөлүндү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ