Menu

Султан Раев, жазуучу: “Мен билген Матраимовдор”

Бөлүшүү:

Акыркы кездерде басма сөздөрдө, ар кайсы социалдык түйүндөрдө Матраимовдор тууралуу ар кандай ойлор, сөздөр айтылып, көбүнесе каралаган материалдар иттин кара капталындай жайнап кетти. Бу династияны коомчулукка өзгөчө монстр, олигарх, алдым-жуттум ракурсунда көрсөтүү аракети ар кайсы булактардан, маалымат тарамдарынан чыгып жатат. Албетте, бул маселени “медалдын бир жагы” дейли… Кантип эле ушул кара шакмар боёктор менен бүтүндөй үй-бүлөгө, жакшы адамдын балдарына сөз тийгизүүгө болот… Бул да суроо… Адамды бир жактуу кароо, алардын адамдык абийирине шек келтирүү, орунсуз сөздөрдү айтуу бир чети маданияттуулуктун белгиси эмес, сындасаң да адамдын кадыр-баркына шек келтирбей, конкреттүү ишине карап сындасаң жарашат. Билип-билбей, карандай калпты урдура бергенден чындык келип чыкпайт… Чындык ар кайсы кайчы пикирлерден кийин, калыс бүтүмдөн кийин гана жаралары айдан ачык…

Албетте, бир жактуу пикирлерди угуп, бир жактуу каралоо материалдарын окуп бул үй-бүлөгө карата көз караш да ар кандай маанайды жаратышы мүмкүн… Мен бул Матраимовдор жөнүндө бу гезит бетине миңдеген жердештеримдин, айылдаштарымдын өтүнүчү менен жазып олтурам… Анткени, алар да жөн эле жерден кеп угуп, бетине кара көө сыйпалып жаткан балдарына карата мамилесин билдиргиси келет… Чындап эле ошондойбу? Бул чети, экинчиси менин жазып жатканымдын себеби, мен да бул жигиттерди жерден бели чыккан мезгилден, али бели ката элек мезгилден билем… Биз бир жер, бир элден болобуз… Өмүр бою жаштыгыбыз, балалыгыбыз, көргөн күнүбүз бир жерде өткөн адамдарбыз… Аталарыбыз, апаларыбыз чогуу жүрүп чогуу талаада, мал чарбасында иштеген өтө карапайым үй-бүлөлөр…

Ошондуктан, кээ бир сөздөр да айылдаш катары менин да намысыма тийип кетет…

Мени атам да, апам да өмүр бою талаачылыкта күн өткөрүп, жер менен жер болуп өскөн адамдар…  Биз сөз кылмакчы болгон Искендер, Тилек, Раим, Ислам Матраимовдордун ат-энеси да өмур бою биздин айылда жумушчу, карапайы жумушчу болуп эмгеги менен элге таанымал, кадыры менен эл сыйлаган адамдар эле… Адамдар эле дегеним Матримовдордун атасы Исмаил акенин өтүп кеткенине отуз жылга жакындап калды, апасы Апиза эженин өткөнүнө да эки-үч жыл аяк басты… Бул эки адамды биздин айылдыктар адал иштеп, ак мээнет таткан эмгекчил, колунан жакшылыктын нуру төгүлүп турган карапайым адамдар катары билчү…

Мындан үч-төрт жыл мурда… Түркиянын Малатия шаарына эл аралык китеп көргөзмөсүнө барып калдым… Ал жерде менин Анкарадан чыккан түрк тилиндеги китебимдин эл аралык бет ачаары болду… Түрк туугандар чоң-чоң көчөлөргө кечээ Президенттикке талапкерликке койгон адамдардын сүрөтүнөн да чоң сурөтүмү илип коюптур… Бир чети ага таң калдым… Мени бу эларалык китеп форумуна катышып жатканымы ошол жерде жашап, иштеп жаткан жердештерибиз да угуп, сыймыктанып, китептин бет ачаарына келиптир… Мен ал жерден бир боордош, мекендешерибиз менен тааныштым… Алар мени кубаныч менен тосуп алды… Сөздөн-сөз чыгып, баягы каерден болосуз деген сөздөр уланды. Мен Кара-Сууданмын дедим… “Кара-Суудансызбы, жакында эле Матраимов Искендер деген Жогорку Кеңештин депутаты келди… “ дешти. Мен аларга “Ал менин иним болот” дедим… Мен ойлогомун бул жакка Искендер иним иш менен келсе керек эле деп… Көрсө, апасы Апиза эжени Малатия шаарындагы эң чоң клиникага алып келиптир… Апасынын боору иштебей, өзүнүн боорун кестирип апасына салдырганы келген экен бул шаарга… Ал гана эмес… Искендердин боорун кесип салдырабыз дегенде доктурлар аныкы көп туура келбей тургандыгын айтканда, өздөрү менен чогуу барган небереси да чоң энесине боорун кестирип берүүгө даяр экендигин айтышкан… Эне балдарын аяп, эми канча Кудай өмүр берсе ошончо жашайын балдарым, ушунча алыска алып келип дарылатканыңарга ыраазымын деп айткан экен… чындыгында ушу сөздү укканда таң калдым… Искендер Апиза эжеге өз жанын да аябай, кесип бергенге да даяр барган экен… Аны мекендештерибиз да ыраазылык менен айтты… Өз энесине жанын аябаган адамды биринчи жолу көрүп жатабыз деп… Искендер инимдин бул жигитчилигин угуп… мен да ага ыраазы болгом… Апа деген апа… ал ыйык. Ал кымбат… экинчи жагы, атадан эрте кол үзгөн бу карапайым үйгө Апиза эже апа ордуна апа, ата ордуна ата болду…

Искендер эл сыйлаган адам… Элдик депутат…

Ал эми экинчи уулу Тилек да туулган жердин топурагы алтын дегендей… ошол айылдан көгөрүп, өсүп… Өлкөбүздөгү эң ири райондун акими… Тилек Матраимов да элдин купулунда жүргөн адам… Акыркы жылдары биздин райондо көп өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүп… өтө ыраазы болдум… Жолдор оңдолуп, айылдарга таза суу чыгарылып, кара-суулук туугандарым жакшынакай тамдарды салып, маданият очоктору иштеп… райондо күжүлдөгөн жашоо башталып жатыптыр… Албетте, буерде районду башкарган Тилек инимдин эмгеги баа жеткис… Калкынын көптүгүнө карабастан, элдин көйгөйүн чечүүгө батыл киришип жүргөнү мени сүйүнттү… Кара-Суу районунун көпчүлүк айылдарында спорт аянтчалары, ошондой эле заманбап футбол талаалары курулуптур… Бу сапатты, бу мээнет сүйгөн мээнеткечтикти бу жигит да атасынан, апасынан алган… алар да эмгек менен эл көзүндө жүргөн адамдар эле… Тилекте ошол сапаттар бар. Ал жерге жакын, дыйкан мүнөз жигит…

Матраимовдордун арасынан эң эле көп “атагы чыккан”, эң эле туура-туура эмес сөздү уккан ал — ​Раим. Айрымдар айтмакчы, “Раим миллион”. Раимди тээ кичинекей кезинен билем. Унчукпаган, бирок өз ишин билген… ашыкча, ооз көптүрүп сөз кылбаган, мээнетти сүйгөн бала эле… Жаштыгы ушул пахта талаасында өстү… Атасы Исмаил акеге эң жакыны ушу эле… Өзү да бир курдай окшошуп кетет… Өң-келбет жагынан гана эмес, ички адамдык сапаттары да… Исмаил аке көл киши эле… Элдик мүнөз адам эле… ушул артыкчылык да Раимде бар. Ал бажы тармагында, бажы системасы жаңыдан телчигип келаткан мезгилден бери иштеп келет… Жөнөкөй бажычыдан… бажы кызматынын жетекчилигине жетти… Чындыгын айтканда, анын бу ишке келгенин ар кандай апыртма сөздөр менен жаадырып, анын тегерегинде ар кыл болумушту түзгөндөр анын деле бу ишке кантип келгенин деле жөндөп билбейт да болушу керек… Кичинекей майда кызматтан өсүп, торолуп, үйрөнүп бажы башчылыгына жетип олтурат… Ырас, анын азыркы кездеги кайсы бир жактарына баа бере албайм… Ал тек гана эл арасында жүргөн сөздөр… Эми чыныгы жигитти сөз ээрчийт… көрө албаган бар, ичи тары бар… айтор беш кол тең эмес…

Ошо тээ эчен жыл мурда… Раим үйлөнгөндө мени өкүл ата кылып дайындашты… Ушу кезге дейре, ичимдеги купуя кебим… аялым экөөбүз алардын тоюна билетке акчабыз жоктон баралбай калганбыз… Жаңы үй-бүлө… балабыз төрөлүп… квартирада жашайбыз дегендей… Раим да бирде жетип, бирде жетпеген турмушту жашады. Бирок, эл айтымында бажы кызматын ийне-жибине дейре билген адис дешет. Болсун. Атагы да өсүп, баркы да өсүп жетерлик турмушта жүрөт…

Чындыгын айтайын, бу инимин ийгилигине сырттан гана назар салып, жакшыны уксам сүйүнүп, жаманын уксам күйүнүп жүрөм… Ага күнүм түшүп деле барган эмесмин… Айрыкча, чыгармачыл адам китеп, спектакль чыгарганда, койдурганда каражат көздөн учуп калат… Ага кылган бир кездеги жакшылыгымы эсине салайын деп, жардам да, колдоо да күтүп барган адам эмесмин… Эң башкысы, бул жигит да айылдаш туугандарымын сыйлаган инсаны. Анын атына сөз тийгизе көрүшпөйт… Биздин бала деп бийик сыйлашат…

Матраимовдордун Исламы да намыстуу балдардын бири деп угам…

Бу макаланы жазып жатканымын себеби, бул карапайым Исмаил аксакалдын балдары бүгүн өлкөбүздө төбөсү көрүнгөн инсандар. Баарынан баса белгилеп кетерим, алар өз туулган жерине, мекенине иштеп жаткан адамдар. Элде кадыры чоң инсандар. Матраимовдордун эң улуусу Искендер ушу өзүнөн кичүү инилерине баш-көз болуп, окутуп, чоңойтуп, ага ордуна ага, ата ордуна ата болгон жигит. Жогорку Кеңештин депутаты. Айылдаштары Искендердин эмгегин эске алып, бир добуштан депутаттыкка шайлаган. “Эр эмгегин эл жебейт” деген тура. Раим да биздин айылдардагы жаштарга шарт түзүп, маданий-спорттук мекемелерди өнүктүрүүгө жардам берип келет. Айылдык клубду да ушул Матраимовдор калыбына келтирди. Айылда спорт Сарайы бар. Футбол талаалары ар бир айылда курулган.

Матраимовдор жыл сайын 9-майда Жеңиштин урматына бүткүл райондогу аксакалдарды, согуштун жана эмгектин ветерандарын чакырып, 5 миңге жакын адамга сый көрсөтөт. Бул салтка айланган өзгөчө жөрөлгө болуп калды. Спорттук оюндар, маданий иш-чаралар өтөт. Матраимовдор район боюнча колу жука адамдардын зирек балдарынын жогорку окуу жайындагы контрактысын төлөп келет. Ал эми жарды, оор турмушта жашаган адамдарга, кары-картаңдарга көрсөтүп келген жардамдары өзгөчө сөзгө татыйт…

Тилек Матраимов райондун акими катары — ​өлкөдөгү эң алдыңкы акимдердин бири…

Кара-Суулуктар бул Матраимовдордун үй-бүлөсүн элдик балдар деп келет… Элдик баага алар элге кылган кызматы менен жетип олтурат… Дагы бир айтып коёюн… бул макаланы мен эң оболу жердештеримдин өтүнүчү менен, биз өз балдарыбызды бирөөлөргө талатып кор кылып карап турбайбыз, аларды дайыма сактап, алар менен сыймыктанып алганга күчүбүз жетет деп келишет…

Ооба, эл билген Матраимовдор ушундай…

Мен билген Матраимовдор да ушундай…

Кербен жүрө берет…  элдик уулдардын намысын эл асырайт… Бул да чоң баа…

Султан РАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: