Menu

Презерватив сатып байыган, моңгол президентин арак ичебиз деп жакалаган Султан Жумагулов кыргыз маданиятын көтөрөбү?

Бөлүшүү:

Кыргыз парламенти  чынында  акыркы кезде болбой калды. Ушул да эл шайлаган парламентпи? Азыркы ЖКнын чыныгы жүзү  өзгөчө Маданият жана туризм министрлигине Султан Жумагуловдун  талапкерлиги коюлганда көрүндү. Баарын айтканга болбойт, бирок көпчүлүк депутаттар кол көтөргөндөн башкага сабаты жетпегендер экенин көрдүк. Президенттин атынан бир “торпокту“ жетелеп келип “шефтин бөтөлкөлөш адамы” десе, ЖКнын депутаттары  жата калып макул деп кнопканы басып берери бышык болуп калды.

Султан Жумагулов деген ким экенин журналисттерден сурап коюшса болмок. Ал убагында журналистикадан кетип Ош базарында чочок кап (презерватив) сатып жүргөн алып сатар болчу. Аны өзү да жок дебейт болсо керек. Базарда чочок кап сатып жүрүп, бутуна тургандан кийин журналистикага кайтып келди. Ох, ата деп окурман тамшанган, элдин эсинде калган бир макаласы жок. Соо кезинде, адам катары бирөөгө зыяны жок. Мансапты жакшы көрөт, анысында талаш жок. Бир кезде Бакиевди шыбап жүрүп эле, ага жагалданып Оксана Малеваннаянын ошол кездеги оппозицияны талкалаган “штурмовой” командасында ак кызмат өтөдү. Ал кезде Атамбаев оппозицияда болчу. Атамбаев менен ошол кездеги бийликке каршы чыккандарды талкалап жүргөн калеми курч журналист ушул Султан Жумагулов эмес беле. Азыр жазган эмесмин деп карганса да ким ишенет эле. Мындай адамдарда жүз да жок болот эмеспи. Бакиевге ак кызмат кылса Малеванная, Садыркуловдор ак үйдө акча төлөп, Жумагуловду кызмат берип кармамак беле? Кийин ЭлТР менен КТРди башкарды. Аракка жакын дешет. Ошон үчүн журналист коллегалары “алкаш” деп коюшат экен. Арактын азабын даалай эле тартты го. Эл билгени, Кыргызстанга иш сапары менен келген монгол президенти Цахигийн Элбэгдорж (2009–2017-ж.ж. башкарган) болгон окуя. Монгол президенти биздин президент менен мамлекеттик резиденцияда жолугушуп бир аз кармалып келет. Президент Цахигийн Элбэгдорж аэропортко келгенче кыргыз журналисттерин жетектеп бараткан Султан Жумагулов мас болуп уктап калат. Качан гана алар отурган учак аба мейкиндигине көтөрүлгөндө аракка тойбой калган Султан мырза ордунан козголуп алды жагында отурган монгол президентин мойнунан бууп “арак ичебиз!” деп жакалап кирет. Жансакчылары өтө шамдагайлык менен Жумагуловдун кол салуусунан өз президентин сактап калышат. Жансакчылар талуу жеринен нукуп койгондон кийин гана учактын ичин үч көтөргөн Жумагулов уйкуга кетет. Монголияга жеткенде өз президентин тосуп алган президенттин аппарат башчысы кыргыз журналисттери менен жолугушуп Цахиагийнге “Урматтуу президент, сиз эртең кабыл ала турган кыргыз журналисттери,” деп тааныштырат. Монгол президенти башы сынып, пахмел кыла элек чүрүшүп-бүрүшүп араң турган Султан Жумагуловду карап туруп “Мен бул журналистти самолёттон кабыл алдым!” деп какшык менен айтат. Ошондон кийин монгол президентинин аппараты официалдуу жерлерге Султан Жумагуловду кошпой коюшат. Ал мейманканада жалгыз калып чочкодой мас болуп, турсычан коридорго чыгып алып, жиндилик кылып көрүнгөндү кубалап кыргыз элин шерменде кылат. Адам түгөнүп калгансып ошол “белый горячкасы” бар мандеми бар адамды маданиятка боло берет деген Атамбаевге маданият ишмерлери алакан жайып түшүнбөй отуруп калышты. Ажобуз кыргыз маданиятына көтөн зордук кылгандай эле болду. Маданиятка жакшы арак иче турган эмес, маңдай терин төгүп бере турган жетекчи керек. Бир кезде “кыргыз маданияты өлдү!” деп Өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп барган Садык-Шер ЖКда күркүрөп «Жумагулов жарабайт!» деп койсо болмок экен. Жок эле дегенде кыргыз музыкасынын классиги Түгөлбай Казаковдон бир сөөм жогору деңгээлдеги адамды алып барышса болмок. Ушундай министр менен кыргыз маданияты оңолмок беле.

Өмүр Байымбетов, Бишкек шаары

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: