Menu

Санаага салган “Самара”

Бөлүшүү:

Самара десе Асан акенин сулуусун түшүнбөгүлө. Бул азыр ызы-чууга айланып бараткан “samara.kg” деген сайт. “Kloop.kg” деген интернет сайт шайлоодогу көпчүлүккө белгисиз болгон көмүскө оюндарды дүйнөлүк программисттер менен чогуу изилдөөгө алып, революцияга чейин Максимдин орун басары болуп жүргөн, андан кийин Экономика министри болгон Учкун Ташбаев негиздеген  “samara.kg”  аталышындагы сайтты Мамкаттоо колго алып, шайлоочулардын электрондук дарегин ошол аркылуу шайлоого колдонгонун ачыктап таштады. Буга чычалаган Мамкаттоо  маалымат чындыкка дал келбейт деп, “Kloop.kg” сайтынын журналисттери кечирим сурабаса түз эле сотко жетелей турган болуп жатат. Канчалык актанбасын Мамкаттоонун аракети курулай сөз бойдон калып, ишенимдүү болбоду. Тескерисинче журналисттер иликтөөнүн экинчи сериясын жарыялайбыз дешип “самараны” колдонгондорду санаага салып жатат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: