Menu

Чолпон Султанбекова: Башка эле дүйнөгө түшкөндөй болуп калдык. Жакшы жашоодо жашайт экенсиңер, – деп суктанып жатышты

Бөлүшүү:

Жакында эле тарых барактарында жазылып калчу жакшы окуя болду. Памирлик кандаштарыбыздын алгачкы тобу Кыргызстанга кайтып келди. Улуу жана Кичи Памирден кайткан кандаштарыбызга материалдык колдоо көрсөтүү үчүн Президент Алмазбек Атамбаев жеке фондунан 1 миллион 650 миң сом бөлүп берди. Ар бир памирлик кыргыздын колуна 50 миң сомдон берилерин Президенттик аппараттан кабарлашты. Бул маанилүү ишти жетектеп, Памир тоолоруна чейин барып келген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бул жолку төр маегибиздин коногу.

– Памирлик 33 боордошубуз Кыргызстанга кайтып, алар дагы, жалпы кыргыз эли дагы кубанып жатабыз. Улуу Памирдин тоолорунда дагы канча кыргыз калыптыр?

– Жыл сайын Памирдеги боордошторубузга гуманитардык жардам жеткирип турабыз. Быйыл дагы 7 миллион сомдук ар кандай тамак-аш, дары-дармек, жылуу кийимдерди жүктөнүп алып, 2-октябрь күнү Ош шаарынан чыгып кетип, Мургабга барып токтодук. Мурда өлкөбүз жөнөткөн жүктөр кыргыздарга жетпей, орто жолдо Тажикстан, Афганстандан бөлүп алып, аларга аз эле бөлүгү жетип жатат – деген сөздөрдү угуп, бул жолу өзүм акыркы айылдарына чейин кыдырып келдим. Ал жакта айыл башчыларын «шура» деп коет экен. Ар бир шурасы менен жолугуп, ар биринде канча түтүн кыргыз бар экендигин тактап, кыргыз бийлиги жөнөткөн аманатын өз колдоруна тапшырдык. Медицина, билим берүү деген таптакыр жокко эсе. Тамак-ашын даярдаш үчүн топоз менен 10 күн жол жүрүп, жүктөнүп алып кайра ошончо күндө айылдарына жетишет. Афганстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишилген меморандумга ылайык, ошол жактагы кыргыз туугандарыбыздын балдарын Кыргызстанга алып келип, окутуу маселеси каралган. Эми бул бир күндүк иш эмес. Буга чейин 6 айдан 1 жылга чейин көп иштер жасалды. Машакаттуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бир топ даярдык көрдүк. Памирлик кыргыздар кылымдар бою ошол жакта жашаса дагы паспорттору жок экен. Жалпы канча кыргыз бар экендиги, бир жылда канчасы төрөлүп, канчасы кайтыш болгондугу тууралуу Афганстандын өзүндө да так маалымат жок. Эч ким каттоого алган эмес. Анан мен архивден, 2008-жылдагы экспедиция учурундагы маалыматты карасам 5000 кыргыз бар деп турат. Биз ар бир айылына чейин барып келдик дебедимби. Бирок биздин санагыбыз боюнча 1500 дин эле тегерегинде калыптыр. Элестетсеңиз, 10 жылга жетпеген убакытта канча кыргыз калган? Абдрахман деген киши айтып жатат: «Бизди алып кетпесеңер болбойт. Менин балдарымдын Кыргызстанга кеткенин көрүп, көзүм жумулса арманым жок эле. Биз ушул улуу Памирдин тоолорунда то-пуракка айланып жок болуп кетебизби? Жыл сайын азайгандан-азайып эле баратабыз. Мына, кыш келе жатат. Ар бир үй-бүлө: «Кыштан аман чыксак экен, түгөл чыксак экен» – деп тиленебиз. Кыш биз үчүн чоң сыноо. Бир кыштан кийин көп туугандарыбызды жерге берип калабыз. Көбүнчөсү балдар, аялдар көз жумат» – дейт. Ушунун баарын жөн туруп уга албайсың. Жүрөгүң сыгылат экен.

– Кыргызстанга келген 6 үй-бүлөнү кантип тандадыңар? Же өздөрү каалагандарын алып келдиңерби?

– Биз эч кандай тандоо жүргүзгөн жокпуз. Ким кааласа, ошол үй-бүлө тизмеге өздөрү жазылган. Башында 8 үй-бүлө, 50 адам келмекчи болуп жаткан. 50 адамга паспорт алып берип, виза ачып бергенбиз. Бирок эки үй-бүлө келе албай калды. Бирөөнүкү атасынын визасы ачылбай калыптыр, экинчи үй-бүлөнүн аялы төрөп, жолго чыга албай калышты. Буюрса, алар дагы келишет. Анткени алардын документтеринин баары даяр. Ошентип 33 адам келди. Кечээ жакында кубанычтуу кабар болуп, памирлик бир сиңдибиз Бишкектин №6 төрөт үйүнөн уул төрөдү. Президент Алмазбек Атамбаевдин убагында Кыргызстанга келдик, кыргыз бийлигине терең ыраазыбыз деп баласынын атын өздөрү Алмазбек деп аташты. Алмазбек Шаршеновичтей эл башкарган, кыргыздын керегине жараган мыкты уул болсун деп ырымдап коюшту.

– Өзүңүз баштап Памирдин түпкү айылдарына чейин барып келипсиз. Кыргызстанга жеткенге чейинки түйшүк оңой эмес болгонун билип турабыз. Баары эле шыр болбосо керек?..

– Тажикстан менен Афганстан чектешкен Ичкашым деген пост бар. Ошол чек ара постунан кыргыздарды алып чыгып кетмекпиз. Бирок ал жакта 5 күн туруп калдык. Борбор калаасы Кабулда Коопсуздук кеңеши деген расмий органы бар экен. Бирок алар расмий Кабулду укпайт деле окшойт. Маселени жергиликтүү талаа командирлери, ошол Бадахшан облусунун губернатору чечет экен. Ошол жактын акимимин деп Наиль деген бир жигит келди. Буга чейинки сүйлөшүүлөр боюнча губернатор өзү келип, узатып коймок. Губернатор жумушу көп болуп келе албай калды дегенде эле жүрөгүм бир нерсени сезди. Оюндар башталды дедим. Күнү-түнү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Кыйратып деле уктаган жокпуз. Тажикстандагы элчиликте иштеген Азамат, миграция кызматынын башчысынын орун басары Алмаз деген жигиттер болуп тыным алган жокпуз. Мына бүгүн, мына эртең деп эле башында 3 күн ар кайсы шылтоону айтып жатышкан. Эртеси такыр эле башканы айтып башташты. Анан эле Кабулдагы Коопсуздук кеңешинен: «бере албайбыз» деген кагаз келди. Үмүтүбүз өчүп, такыр эле көңүлүбүз кайтып калды. Чек аранын аркы жагында көздөрүн жылтыратып отурган 33 кыргызды көрүп, болгон күчүбүздү жыйнап, сүйлөшүүлөрдү кайра башынан баштадык.

Премьер-министр Сапар Жумакадыровичке чалып жатып, Коопсуздук кеңешинен «кое бергиле» деген кагазын кайра алдырттык. Чек арачылары ал кагазды тааныбайбыз деп такыр эле чалкасынан кетишти. Эми ошол кездеги абалды, биздин эмоциябызды сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Эмне дешти билбей калдык. Бирок мен дагы көгөрүп: «Силер меморандумга кол койгонсуңар, мен кетпейм, каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы расмий Кабулдун чечимин аткарышыңар керек», – деп туруп алдым. Бешинчи күнү биздин дагы визабыз бүтмөк. «Ошол убакытка чейин күтөлүк, визасы бүткөн күнү айла жок кетишет», – дешти окшойт. Кетип калалы десек, аркы бетте беш күн бою эшикте, талаада байкуш боордошторубуз отурат. Чек аранын бул бетинде биз турабыз. Афган чек арачылары кыргыздарга барып: «Бул жерге турбагыла, кеткиле артка», – деп кубалап жатышты. Бирок памирлик боордошторубуздун Кыргызстанга кайтабыз деген каалоосу ушунчалык күчтүү экен, баары тең былк этпей отуруп алышты. Ички телефон аркылуу сүйлөшүп турдук: «Кетпегиле, чыдагыла, бир айласын табарбыз», – деп жубатып жаттык, алар да: «Таштабагыла бизди, эптеп алып кеткиле. Кайтып барсак, «билим алып келдиңерби», –деп табалашат», – деп тим эле жалбарышат. Афганстан тарапка кайра өтөлү десек да өткөрүшпөйт. «Биздин визабыз бүтө элек, киргизгиле. Кыргыздарга барып жолугайын, кырдаалды түшүндүрөйүн», – деп алар менен кыжылдашып жатып кайра кирдик. Баары эле автоматчан, БТР менен жүрүшөт, кудум эле кинодогудай көрүнүш. Дипломатиянын дагы тили түгөндү. Биз дагы эмне дээрибизди, алар дагы эмне шылтоо айтарын билбей калышты. Бирок баары бир кыргыздарды бербейбиз дейт. Визабыздын мөөнөтү бүткөн акыркы бешинчи күнү кечки саат беш болуп калды. Шайыбыз кетип, такыр болбой калдык. Саат жети жарымда аларда коменданттык саат башталат. Бардык эшиктер жабылып, бир дагы кыймыл аракет болбошу керек экен. Ошондо тобокелдикке салып, жүргүлө деп кыргыздарды ээрчитип алып, алдыга жөнөдүм. Коркконум, бизге тийбесе дагы, өзүбүздүн жаран деп беркилерди мертинтип коебу деп чочулап турдум. Баары эле автоматчан жүрүшөт. Чынында тийбейт д-ген эч кандай кепилдик жок болчу. Биз акыр аягына чейин турарыбызды, памирликтерсиз эч жакка кетпесибизди түшүнүштү окшойт. Кудайлап жатып, Тажикстандын чек арасына өттүк. Тажик чек арачылары дагы биз тарап болуп, бизге жан тартып жатышты. Тажиктерге: «Баарынын жүктөрүн текшерип бергиле», – деп өзүм сурандым. Тигилердин түрүн көрүп, баңги же башка мыйзамсыз нерселерди акырын салып коюп, ар кандай чагымчылык болуп кетеби деп дагы деле кооптонуп турдум. Бир чети чек арадан өткөнүбүзгө дагы деле ишене албай жатам. Ошентип коменданттык сааты башталгыча Афганстандан чыгып кеттик. «Кыйналсаңар дагы эптеп чыдагыла», – деп эс алдырбай ошол замат Мургабды көздөй жөнөдүк. Беш күндөн бери ошол чек ара бекети кадимкидей жүрөгүмө тийиптир, эртерек эле ал жактан алыстап кетүүнү ойлоп жаттым. Аман-эсен Мургабга келип, жуундуруп, тамактандырып, эс алып кайра жол тарттык.

Баса, бир окуяны айта кетейинчи. Ичкашым чек ара бекетинде турганыбызга төртүнчү күн болгон. Жогоруда айткандай, айлабыз түгөнүп отуруп калганыбызда “ата-бабаларыбыздын арбагына куран окутпасак ишибиз оңолчудай эмес”, – деп ошол жердеги балдарга акча берип, койго жибердим. Алар да бат эле келип калышты. Кичирек экен деп эки кой алып келишиптир. Экөөнү тең союп, кан чыгарып, куран окуттук. Ошол түнү Курманжан апабызды түш көрдүм. Элечекчен бир сүрөтү бар го. Кудум ошол сүрөтүндөгүдөй жылуу карап, башын ийкеп өйдө жакты көрсөттү. Карасам эле, кызыл-тазыл кийинген элдер көчүп келе жатат. Кадимки кыргыздардын көчү бар го. Алдыда жаш балдар чуркап келе жатышат. Курманжан апабыз түшүмдө аян берип, бизди колдоду окшойт. Эртеси күнү чек арадан өтүп баратканыбызда кудум эле ошол түшүмдөгү көрүнүш кайталанбадыбы. Кызыл, ак жоолукчандар, чуркап бараткан балдар бардыгы дал ошол түшүмдө көргөндөй болду. Он-он беш метр аралыктагы чек ара сызыгы тим эле миңдеген чакырымга созулуп, жетмегибиз азап болуп, ошол 5 мүнөттүк жол кылымдарга созулуп кеткендей болду. Эптеп эле ошол сызыктан өтүп кетсек деп жаттым. Артымда жабалактап, эки жагын элеңдеп кыргыздарым келе жатышат. Анан Тажикстандын чек арасына өткөндөгү эмоциялар бир башкача болду. Шолоктоп ыйлап жиберишти баары. Ошол жерде ыйлабаган киши болгон жок. Тажиктин чек арачылары кошо сүйүнүп, көзүнө жаш алышты. Мен аялзаты болсом дагы өзүмдү аябай кайраттуу деп эсептечү элем, мен да кармана алган жокмун.

– Аял башыңыз менен анча-мынча эркектер чыдабаган оор окуяларды башыңыздан өткөрүпсүз. Кудай буюрса, бул эмгегиңиз тарых барактарында жазылып калат деп ишенебиз. Буга чейин кыргыздарды алып келүү боюнча ушундай аракеттер болуптурбу?

– Аракеттер көп эле болуптур. Раматылык Ишенбай Абдуразаков дагы бир катар генералдар менен келип памирлик кыргыздарды көчүрүп кетүү аракетин көрүшүптүр. Бирок алып чыга алышкан эмес экен. Мургабдын акими кыргыз киши экен. Ал дагы айтып жатты. «Ошол күндөр дагы деле көз алдымда. Акаевдин тушунда көп эле экспедициялар, аракеттер болду. Ушул Мургабга келишкенде тосуп алып, узатып турчу элек. Памирлик кыргыздардын көңүлү кайтып калган. Кыргыздар алып кетебиз деп эле ооз жүзүндө эле айта беришет экен. Сиз баштаган делегация кетип жатканда да куру убара болуп жатат го деп ойлогом. Тигил жактан чек арачылар чалып: «Эл чыкты, тосуп алганга даярдангыла» дегенде да ишенген жокмун. Кайра чалып: «Экспедиция келе жатабы же памирлик кыргыздар да барбы?» – деп тактадым. Силерден 25, тигилерден 33 кишиге орун даярда дегенде гана толук ишендик. Чынында мурда кийин мындай болгон эмес. Кыргыз катары кубанып жатам, азаматсыңар», – деп ошол Мургабдын акими жетине албай сүйүнүп жатты.

– Памирлик кыргыздардын сүйлөгөнүн, жүрүм-турумун, жада калса кийингендерин байкап отуруп тээ илгерки кыргыздар көзгө элестейт экен. Куулук-шумдукту үйрөнө элек, нукура, таза кыргыздардай элестелип жатат бизге. Сиз ошончо күндөн бери аралашып, алардын жашоосу менен жакындан таанышып келген адам катары биздеги кыргыздар менен памирлик кыргыздардын кандай айырмачылыктарын байкай алдыңыз?

– Албетте, эл болгондон кийин жакшысы болот, жаманы болот. Бирок бир байкаганым, булар бири-бирине аябай тууганчыл келишет экен. Бири-бирин аяп, кастарлап турушканын байкадым. Кичи Памирдеги айылдардын бирине барганыбызды көздөрү бакырайган сүйкүмдүү бир бала бар экен. Чакырып алып аркы-беркини сүйлөшүп, анан бир алма берсем, жүгүрүп барып ташка отуруп алып бир туугандарын чакырып, 6га бөлүп бирдей кылып бөлүшүп жеди. Өзү кичинекей эле бала. Баланын психологиясы башкача да. Таттуу, даамдуу тамак жегиси келет да. Ушул көрүнүшкө таң бердим. Тууган десе жата калышат экен. Кыргыздардын түпкүрүндөгү боорукерлик, тууганчылдык ушуларда сакталып калганбы дедим. Бизде азыр көпчүлүгү эле мен жесем, мен тойсом, мен байысам деп өзүмчүлдүк үстөмдүк кылып калбадыбы. А тигилерде башкача, жанагы кичинекей баланын алманы бөлүштүргөнүн карабайсыңарбы. Алардын сүйлөгөн сөзүнөн да нукура кыргыз тилин байкасак болот. Кайсы памирлик кыргыз болбосун, комузда кол ойнотуп, ар бир аялзаты ооз комуз черте алат экен. Жалпысынан аларда кыргыздын тазалыгы, аруулугу сакталып калгандай туюлду. Бирок алардын деле арасында жеке керт башын эле ойлогондору бар окшойт. Жогоруда чек арада 5 күн кармалып, чыңалган, оор күндөр болду дебедимби. Ошондо жергиликтүү хандардын бири чек арачыларга: «Силерге 100 топоз, 300 кой берем, буларды өткөрбөгүлө. Булар кетип калышса мен кимге хан болом?» – деп айтканын угуп калдым.

– Кыргызстанга келгендеги алардын эмоциясын айтып берсеңиз?

– Келе жатканда бири дагы көз ирмеген жок. Эми жанагыдай окуялардан кийин чынында аябай чарчап калдык. Биз мүмкүнчүлүк болсо эле эптеп уктап алганга аракет кылып жатсак, тигилер тикирейип терезеден көзүн алышкан жок. Аларга ар бир нерсе кызык, чоң ачылыш болуп жатты. Ош, Бишкек шаарларын көрүштү. “Башка эле дүйнөгө түшкөндөй болуп калдык. Ушундай тазалык бар экен. Баарыңар илимдүү экенсиңер. Жакшы жашоодо жашайт экенсиңер”, – деп таң калуусун, суктанганын жашырышкан жок. Арасында видео камерасы бар бир жигит жүрдү. Чыккандан келгенге чейин эч нерсени калтырбай видеого тартып келди. “Эмнеге тартып жатасың?” – деп акырын сурасам: “Мен бул тасманы Памирдеги туугандарыма көрсөтөм. Кыргызстан кандай кооз, керемет экенин көрүшсүн. Кыргыз туугандарыбыз ушундай бир зор урмат-сый менен тосуп алганын көрүшсүн. Бизди сагынып, кубаныч менен күтүп жатканыңарды билишсин”, – дейт. Жанагы хандары, байлары: “Кыргыздар силерди кабыл албайт, Кыргызстанга киргизбейт”, – деп мээсине куюп ташташкан экен да. Ошолорго көрсөтөм дейт.

– Азыр бышыкчылык маалы эмеспи. Тамак-аш жагын кандай кылып берип жаттыңар? Ден соолуктары жакшы элеби?

– Биз бул сапарга абдан кылдаттык менен даярдык көргөнбүз. Бул боюнча канча деген токтом чыкты. Ар бир кадамыбыздан бери ойлонуштурганбыз. Коон, дарбыз жей коюп, ичи оорубасын, ууланып калбасын, оорутуп албайлы деп ар бир токтогон жер боюнча протокол түзүлүп, берилүүчү тамактардын менюсунан бери катуу карадык. Бирок Жалал-Абадга келгенде жүзүм, өрүк, банан жеп жатышты, Кудайга шүгүр, эч нерсе болушкан жок.

Кыргыз эли жакшы тосуп алды. Нарында да эл жылуу кабыл алышты. Ар кайсы райондордон келип, таанышып, баарлашып кетип жатышат. Кандай жардам берелик, кийим-кече, тамак-ашы жагынан каралашабыз дегендер бар. Түркиядагы Вандык кыргыздардан дагы үч адам атайын учурашабыз деп келишиптир. Аппараттын балдары алып барып келишти. Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору, этнографтары жолугабыз деп жатышат. Булардын тилин, салтын сурайбыз деп жатышат.

– “Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, буларды көчүрүп келдик. Эми кийинки турмуштары кандай болот. Эмне менен алек болушат?

– “Биз мал баккандан башка колубуздан эч нерсе келбейт. Ошону ачык айтып коелу. Мал багып оокатыбызды кылабыз”, – деп жатышат. Жол бою топоз, койлор анчадан деп кызыгып сурап келишти. Эми анча-мынча жыйган-тергендери бар окшойт. Элге биринчи күндөн баштап эле аралаштырышыбыз керек. Аларды өзүнчө бөлбөй, чогуу жашатышыбыз керек. “Барганда, албетте, жардам беребиз, бирок кыргыз эли силерди кечке эле бага бербейт. Кыргызстанда иштеген тиштейт”, – деп ачык эле айтып жаттым. “Жок, Чолпон, биз иштейбиз. Иштеп көнүп калганбыз. Бош жата берсек ооруп калабыз. Ак эмгегибиз менен оокат кылабыз. Бизден кабатыр болбогула. Кыргыз эли аш чайнаса аш, таш чайнаса таш чайнайбыз. Силер эмне болсоңор, ошол тагдырыңарды бирге бөлүшөбүз”– деп айтышты. Алмазбек Атамбаев дагы акчалай жакшы колдоо көрсөттү. Кудай буюрса, жакшы эле жашап, элге сиңишип кетет деген ишеничибиз чоң.

Булак: Кыргыз Туусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: