Бүгүн Бишкекте чоң унаа кырсыгы болду. Болжол менен эртең мененки саат 4.30 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектинен (“Азия Молл” соода борборунун алдында) үч автоунаа кагышкан.
ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Айтматов проспекти менен Горький көчөсүнүн кесилишине жакын жерде унаа кырсыгы болгон. Үч автоунаа кагышкан кырсыктан төрт адам каза болуп, эки адам жаракат алган. Бир унаа өрттөнүп кеткен, ичинде эки адам болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ