Menu

Тажикстанда кумсалар менен иштеген уюм ишмердүүлүгүн токтотту

Бөлүшүү:

Тажикстанда сексуалдык азчылыктардын укугун коргогон уюм өз ишмердүүлүгүн токтотту. “Жашоо жолу” коомдук уюму жети жылдан бери Согди облусундагы кумсалар менен иштеп келген.

Уюмдун жетекчилиги буга чейин бир нече жолу басымга кабылышканын маалымдады. ​“Жашоо жолунун” башчысы Альбина Ишкуватованын айтымында, жүдөткөн бир нече текшерүүлөрдөн кийин уюмду жабуу чечими кабыл алынган. Прокуратура уюмдун ишмердүүлүгүн текшерип, гранттык каражаттарды уурдоо же максатсыз пайдалануу учурларын тапкан эмес.

“Бир нече гана кемчиликтер болду – кызматкерлердин эмгек китепчелери жана жеке баракчалары толук толтурулбай калыптыр. Андан тышкары алардын тиешелүү билимдери болгон эмес. Бизге эскертүү беришти. Биз администрация, өрт кызматы жана прокуратуранын текшерүүлөрүнөн чарчадык жана ишмердүүлүгүбүздү токтотуу чечимин кабыл алдык”, – деди ал.

Бул арада көптөгөн бейөкмөт уюмдар коррупция менен күрөшүү жана коомдук уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргенден кийин иштөө шарттары кыйындаганын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: