Menu

Өзбекстан кыргыз товарларын сатып алууга даяр

Бөлүшүү:

Экономика министри Артем Новиков Өзбекстан кыргыз товарларын сатып алууга даяр экенин маалымдады. Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдөн улам өлкө өз продукцияларын сатуунун альтернативдүү жолдорун издеп жатат.

Новиков Ташкентте эки тараптуу бир нече келишимдерге кол коюлганын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Өзбекстанга картошка, сүт азыктарын, курулуш таштарын жана көмүр сунуштай алат.

“Жакын арада ишкерлер продукциясын көрсөтүп, жаңы өнөктөштөрдү табуусу үчүн өзбек кесиптештерибиз менен бизнес-диалог даярдайбыз”,– деди ал.

Новиков кытай тарап менен кызматташуу маселелери дагы талкууланып жатканын кошумчалады.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында туруп калган, бат бузулчу товарларды Өзбекстан менен Кытай базарларына алып чыгуу маселесин чечүүнү тапшырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: