Menu

Путин өкмөткө Өзбекстан менен курал-жарак тууралуу сүйлөшүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөткө аскер багытындагы продукциялардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө тартиптери тууралуу макулдашууга кол коюу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү тапшырды. Орусия лидеринин мындай буйругу өлкөнүн укуктук маалыматтар сайтына жарыяланды.

Буйрукка ылайык, сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия өкмөтүнө макулдашууга кол коюу чечимин кабыл алуу тапшырылды.

Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу келишимге 2016-жылы 29-ноябрда Москвада кол коюлган. Документ аскердик багыттагы продукцияларды өз ара жеткирүү тартиптерин аныктайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: