Menu

Тажикстанда мектептердин китеп ижарасы үчүн карызы 3 миллион доллардан ашты

Бөлүшүү:

Тажикстанда мектептердин китеп ижарасы үчүн карызы 27 миллион сомониден (3,1 миллион доллар) ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мекеме бардык мектептерди карыздарын төлөп берүүгө милдеттендерди. Буга байланыштуу учурда мектеп директорлору, окуу бөлүм башчылары жана класс жетекчилер балдардын үйлөрүнө барып, ата-энелерден акча чогултуп жүргөнү кабарланууда. Айрым райондогу окуучулар менен ата-энелер болсо ит мурун жана жаңгак теришип, темир-тезек, кагаз өткөрүп, түшкөн акчаны министрликтин эсебине которуп жаткандыктары айтылууда. Маалыматка караганда, Хатлон облусундагы эле мектептердин карызы 7 миллион 380 миң сомонини (840 миң долларга жакын) түзөт.

Мектептердин миллиондогон карызы акыркы он беш жылдын ичинде топтолгон. Билим берүү министрлиги китептерди кайрадан басып чыгаруу үчүн мектептер карыздарын тез арада төлөп бериши керек.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге китептерди үч жылга ижарага берет. Алгачкы жылы окуу жайлар китеп баасынын 34%, экинчи жана үчүнчү жылдары 33% төлөп беришет. «Үч жылдан кийин китеп мектептин менчигине өтөт. Мектеп жетекчилиги китептердин бир жылдык ижара акысын 50 пайызга чейин жогорулата алат. Ал акчалар китепкананы кароого, мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө же аз камсыз болгон үй-бүлө балдарын китеп менен камсыз кылууга жумшалат», – деп билдиришти мекемеден.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: